Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 08/06/2017

2017-жылдын 1-кварталында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик каттоо кызматына

түшкөн жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча

маалымат

 

2017-жылдын 4-январынан баштап 31-мартка чейинки мезгилде Кызматтын дарегине жарандардан 257 кайрылуу түшкөн.

 

Маселенин мүнөзү

2017-жыл

1.

Паспорт даярдоо жана берүү маселеси

19

2.

Жарандык алуу маселеси

-

3.

Жашоого уруксат

5

4.

Жашаган орду боюнча каттоо маселеси

4

5.

Кызматтын борбордук аппаратынын жана ведомстволук түзүмдөрүнүн (Кадастр департаменти, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, Транспорт каражаттарын каттоо департаменти, Архив агенттиги) кызматкерлеринин иш-аракеттерине даттануулар.

44

6.

Жер маселелери (кыймылсыз мүлктү каттоо, документтерди берүү, жер талаштары)

108

7.

Жарандардын сурамдары (дубликаттарды, укук тастыктоочу документтерди берүү)

34

8.

Жумушка орноштуруу, кызматына кайра калыбына келтирүү маселелери,  эмгек талаштары

13

9.

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча маселелер

9

10.

Материалдык жардам берүү, компенсация төлөө маселелери

-

11.

Башка маселелер

10

12

Жеке идентификациялык номерди ыйгаруу

5

13

Шайлоо учурундагы которулгон маселелер боюнча

6

Жалпы:

257

 

 

 

Жогору турган органдардан, министрликтерден, администрациялык ведомстволордон түшкөн кайрылуулар, жарандардын жазуу түрүндөгү жана электрондук кайрылуулары

Органдын аталышы

2017-жыл

1.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты

20

2.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты

63

3.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты

8

4.

Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору

9

5.

Электрондук билдирүүлөр

28

6.

Жарандардын жазуу жана түрүндөгү кайрылуулары

129

 

Жалпы

257

 

 

КР региондорунан жана КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн

жарандардын кайрылуулары

 

 

 

 

Жыл

Бишкек

Чүй  обл.

Бат-кен обл.

Жалал-Абад  обл.

Ысык-Көл об.

Ош обл.

Нар-ын обл.

Та-лас  обл.

КМШ өлкөлөрү

 

2017-жыл

92

36

10

21

21

54

4

3

16

    

         Эң көп сандагы кайрылуулар менен арыздар (67%) Бишкек шаарынан, Ош шаарынан, Чүй жана Жалал-Абад, Ысык-Кол облусунан түшкөн. Кайрылуулардын калган бөлүгү (33%) региондордон жана КМШ өлкөлөрүнөн келген. Мындай айырма жарандардын ички миграциясына байланыштуу болууда.

          Бардык 257 кайрылуу контролго коюлган, анын ичинен: аткарылганы – 218 кайрылуу, өз мөөнөтүндө аткарылганы – 246 кайрылуу.

 

Жарандардын кайрылууларын кароонун жыйынтыктары боюнча:

оң чечилгендер – 29 кайрылуу;

арыз ээлерине түшүндүрмө берилди – 132;

арыз ээлерине жооптор берилди – 50;

тааныштырылды – 2;

терс чечилгендер – 9.

 

Жарандарды жеке кабыл алуу графигине ылайык кабыл алуу:

Жетекчинин ФАА

Жалпы кабыл алынгандар

Контролго алынгандар

Мөөнөтүн бузуу менен аткарылган

Аткарылбастан мөөнөтү өтүп кеткендер

 

Төрага

Сарпашев Т.Д.

3

3

-

-

Статс-катчы

Шерипов Н.Т.

-

-

-

-

Төраганын орун басары

Догоев Д.Д.

-

-

-

-

Төраганын орун басары

ШамкановК.К.

-

-

-

-

Төраганын орун басары

Акишев К.С.

-

-

-

-

 

Кайрылган жарандардын бардык маселелери боюнча тиешелүү чаралар көрүлдү жана түшүндүрмөлөр берилди.

2017-жылдын 1-кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын “Ишеним телефонуна” түшкөн чалуулар боюнча маалымат:

2017-жылдын биринчи  кварталында 1227 чалуу кабыл алынган, анын ичинен  27– даттануу, калган 1200 – маалымат алуу, ошондой эле 1994 – жылдын үлгүсүндөгү паспортторду алмаштырууга 60 жаштан жогору жаштагы жарандардан түшкөн буйрутмалар түздү.

Төмөнкү мүнөздөгү даттануулар кабыл алынды:

  • Кызматкерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу, кызматкерлер тарабынан жарандарга орой жана этикага жатпаган мамиле жасоо;
  • Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөр;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүүнүн мөөнөтүн бузуу;
  • Калккты тейлөө борборлорундагы кезек күтүү;
  • 1994 – жылдагы үлгүдөгү паспортторду алмаштыруу боюнча буюрутмаларды берүү;

Ар бир даттануу боюнча кызматтык иликтөө жана текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Жарандардын 1200 кайрылуусуна Кызматтын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн адистери маалымат мүнөзүндөгү түшүндүрмөлөрдү беришти жана 1994 – жылдын үлгүсүндөгү паспортторду алмаштырууга 60 жаштан жогору жаштагы жарандардан түшкөн буюрутмалар жашаган жеринен барып документтештирүү максатында мобилдүү топко берилди .

 

 

Бөлүнүштөр

2017-жыл (биринчи квартал)

1.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти

18

2.

Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти

1

3.

Инфоком

8

4.

Сурап-билүү жана 1994 үлгүдөгү паспортторду алмаштыруу боюнча

1200

Жалпы:

1227

 

 

Өнөктөштөр