Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 02/08/2017

2017-жылдын II кварталында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик каттоо кызматына түшкөн жарандардын

кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат

 

2017-жылдын 1-апрелинен баштап 30-июнуна чейинки мезгилде Кызматтын дарегине жарандардан 262 кайрылуу түшкөн.

Бардык 262 кайрылуу контролго коюлган, анын ичинен: 241 кайрылуу аткарылган, 21 – кайрылуунун аткаруу мөөнөтү жете элек.,  230 кайрылуу өз мөөнөтүндө аткарылган, 3 кайрылуу белгиленген мөөнөтүн бузуу менен аткарылган.

 

Маселенин мүнөзү боюнча

2017-жыл

1.

Паспорт даярдоо жана берүү маселеси

35

2.

Жарандык алуу маселеси

4

3.

Жашоого уруксат

-

4.

Жашаган орду боюнча каттоо маселеси

3

5.

Кызматтын борбордук аппаратынын жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн (Кадастр департаменти, Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, Транспорт каражаттарын каттоо департаменти, Архив агенттиги) кызматкерлеринин иш-аракеттерине даттануулар.

51

6.

Жер маселелери (кыймылсыз мүлктү каттоо, документтерди берүү, жер талаштары)

116

7.

Жарандардын сурамдары (дубликаттарды, укук тастыктоочу документтерди берүү)

24

8.

Жумушка орноштуруу, кызматын кайра калыбына келтирүү маселелери,  эмгек талаштары

7

9.

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча маселелер

6

10.

Материалдык жардам берүү, компенсация төлөө маселелери

1

11.

Башка маселелер

9

12

Жеке идентификациялык номерди ыйгаруу

6

13

Шайлоо учурунда көтөрүлгөн маселелер боюнча

-

Жалпы:

262

 

 

 

Жогоруда турган органдардан, министрликтерден, администрациялык ведомстволордон түшкөн кайрылуулар, жарандардын жазуу түрүндөгү жана электрондук кайрылуулары

Органдын аталышы

2017-жыл

1.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты

15

2.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты

71

3.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты

8

4.

Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору

11

5.

Электрондук билдирүүлөр

22

6.

Жарандардын жазуу түрүндөгү жана электрондук кайрылуулары

135

 

Жалпы

262

 

 

КР региондорунан жана КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн

жарандардын кайрылуулары

 

Региондун аталышы

2017-жыл

1

Бишкек шаары

108

2

Чүй  облусу

42

3

Баткен облусу

9

4

Жалал-Абад  облусу

19

5

Ысык-Көл облусу

27

6

Ош облусу

35

7

Нарын облусу

10

8

Талас облусу

6

9

КМШ өлкөлөрү

6

 

Жалпы

262

 

Эң көп сандагы кайрылуулар менен арыздар Бишкек шаарынан – 41% келип түшкөн. Кайрылуулардын калган бөлүгү (58%) региондордон жана КМШ өлкөлөрүнөн келген. Мындай айырмачылыкты жарандардын ички миграциясына байланыштырууга болот.

 

 

 

Жарандардын кайрылууларын кароонун жыйынтыктары боюнча:

оң чечилгендер – 31 кайрылуу;

арыз ээлерине түшүндүрмө берилди – 52;

арыз ээлерине жооптор берилди – 148;

тааныштырылды – 1;

терс чечилгендер –9.

          Жарандарды жеке кабыл алуу бекитилген графикке ылайык жүргүзүлөт. Жеке кабыл алууну эсепке алуу карточкалык формада жүргүзүлөт. 2017-жылдын II кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын м.а. эки жаранды кабыл алган, тийиштүү чаралар көрүлүп, өз убагында түшүндүрмө берилди. 

2017-жылдын II кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын “Ишеним телефонуна” түшкөн жарандардын даттануулары жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында (мындан ары – Кызмат) 2010-жылдын 25-мартынан баштап төмөнкү “ишеним телефону” ишке киргизилген:

  • 0 (312) 62 41 40;

Чалууларды жана даттанууларды Кызматтын коомчулук менен байланышуу боюнча бөлүмүнүн адистери кабыл алып, каттайт.

“Ишеним телефону” аркылуу төмөнкү мүнөздөгү даттануулар кабыл алынат:

· Кызматкерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу;

· Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөр;

· Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун даярдоонун мөөнөтүн бузуу;

· Кызматтын түзүмдүк жана паспорт бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жарандарга орой жана этикага жатпаган мамиле жасоо.

2017-жылдын экинчи  кварталында берилген отчетко ылайык “Ишеним телефону” аркылуу 953 чалуу кабыл алынган, анын ичинен  53– даттануу, калган 900 – маалымат алуу мүнөзүндөгү кайрылуу болгон.

Ар бир даттануу боюнча кызматтык иликтөө жана текшерүү жүргүзүлдү, зарыл болгон  кызматкерлерге тартиптик жаза чаралары колдонулду.

Жарандардын 900 кайрылуусуна бөлүмдүн кызматкерлери маалымат мүнөзүндөгү түшүндүрмөлөрдү беришти.

 

Бөлүнүштөр

2017-жыл (экинчи квартал)

1.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти

31

2.

Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти

-

  3.

Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаменти

5

4.

Маалымат кызматынын атайын борбору

-

5.

Архив агенттиги

-

6.

Инфоком

17

7.

Сурап-билүү

900

Жалпы:

953

 

Өнөктөштөр