2017-жылдын III кварталында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик каттоо кызматына түшкөн жарандардын
кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат
2017-жылдын 1-июлунан баштап 30-сентябрына чейинки мезгилде Кызматтын дарегине жарандардан 281 кайрылуу түшкөн.
Бардык 281 кайрылуу контролго коюлган, анын ичинен: 253 кайрылуу өз убагында аткарылган, 28 – кайрылуунун аткаруу мөөнөтү жете элек., 230 кайрылуу өз мөөнөтүндө аткарылган, 3
№ |
Маселенин мүнөзү боюнча |
2017-жыл |
1. |
Паспорт даярдоо жана берүү маселеси |
47 |
2. |
Жарандык, ЖААК жана башка калкты каттоо боюнча маселелер |
23 |
3. |
Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин иш-аракеттерине даттануулар |
73 |
4. |
Жер маселелери (кыймылсыз мүлктү каттоо, документтерди берүү, жер талаштары) |
97 |
5. |
Транспорт каражаттарын каттоо боюнча маселелер |
4 |
6. |
Архив агенттигинин суроолору боюнча |
2 |
7. |
Шайлоого байланыштуу маселелер |
1 |
8. |
Жеке идентификациялык номерди ыйгаруу |
5 |
9. |
Жумушка орноштуруу, кызматын кайра калыбына келтирүү маселелери, эмгек талаштары |
17 |
10. |
Материалдык жардам берүү, компенсация төлөө маселелери |
2 |
11. |
Башка маселелер |
10 |
Жалпы: |
281 |
Жогоруда турган органдардан, министрликтерден, администрациялык ведомстволордон түшкөн кайрылуулар, жарандардын жазуу түрүндөгү жана электрондук кайрылуулары
№ |
Органдын аталышы |
2017-жыл |
1. |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты |
25 |
2. |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты |
56 |
3. |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши |
9 |
4. |
Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору |
12 |
5. |
Электрондук билдирүүлөр |
14 |
6. |
Жарандардын жазуу түрүндөгү жана электрондук кайрылуулары |
165 |
|
Жалпы |
281 |
КР региондорунан жана КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн
жарандардын кайрылуулары
№ |
Региондун аталышы |
2017-жыл |
1 |
Бишкек шаары |
116 |
2 |
Чүй облусу |
53 |
3 |
Баткен облусу |
7 |
4 |
Жалал-Абад облусу |
36 |
5 |
Ысык-Көл облусу |
16 |
6 |
Ош облусу |
28 |
7 |
Нарын облусу |
10 |
8 |
Талас облусу |
7 |
9 |
КМШ өлкөлөрү |
8 |
|
Жалпы |
281 |
Эң көп сандагы кайрылуулар менен арыздар Бишкек шаарынан – 41,2%, Чуй облусунан – 18,8% келип түшкөн. Кайрылуулардын калган бөлүгү (39,8%) региондордон жана КМШ өлкөлөрүнөн келген. Мындай айырмачылыкты жарандардын ички миграциясына байланыштырууга болот.
Жарандардын кайрылууларын кароонун жыйынтыктары боюнча:
оң чечилгендер – 47 кайрылуу;
арыз ээлерине түшүндүрмө берилди – 10;
арыз ээлерине жооптор берилди – 194;
тааныштырылды – 1;
терс чечилгендер –1.
Жарандарды жеке кабыл алуу боюнча графиги жаңыртылып, Кызматтын 2017-жылдын 20-сентябрындагы № 134 буйругу менен бекитилди. Жарандарды кабыл алуунун бекитилген графиги Кызматтын сайтына жарыяланган жана маалыматтык такталарга илинген. 2017-жылдын III кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы эки жаранды кабыл алган, жарандардын маселелери боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп, өз убагында түшүндүрмө берилди.
2017-жылдын III кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын “Ишеним телефонуна” түшкөн жарандардын даттануулары жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында (мындан ары – Кызмат) 2010-жылдын 25-мартынан баштап 0 (312) 62-41-40 номери боюнча “ишеним телефону” ишке киргизилген. “Ишеним телефону” аркылуу түшкөн чалууларды жана даттанууларды Кызматтын коомчулук менен байланышуу боюнча бөлүмүнүн адистери кабыл алып, каттайт.
“Ишеним телефону” аркылуу 2017-жылдын III кварталына карата төмөнкү мүнөздөгү даттануулар кабыл алынды:
- кызматкерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануусу, кызматкерлер тарабынан жарандарга орой жана этикага жатпаган мамиле жасоо;
- Кызматтын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөр;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүүнүн мөөнөтүн бузуу;
- Калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүү.
2017-жылдын III кварталында 2087 чалуу кабыл алынган, анын ичинен 87– даттануу, калган 2000 – маалымат алуу мүнөзүндөгү кайрылууларды түздү.
Ар бир даттануу боюнча кызматтык иликтөө жана текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Жарандардын 2000ге жакын кайрылуусуна бөлүмдүн кызматкерлери маалымат мүнөзүндөгү түшүндүрмөлөрдү беришти.