Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 24/04/2018

2018-жылдын I кварталында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Мамлекеттик каттоо кызматына түшкөн жарандардын

кайрылуулары менен иштөө боюнча маалымат

 

2018-жылдын 1-январынан баштап 31-мартына чейинки мезгилде Кызматтын дарегине жарандардан 289 кайрылуу түшкөн.

Бардык 289 кайрылуу контролго коюлган, анын ичинен: 250 кайрылуу аткарылган, 39 – кайрылуунун аткаруу мөөнөтү жете элек.,  230 кайрылуу өз мөөнөтүндө аткарылган, 3

Маселенин мүнөзү боюнча

2018-жылы

I кв.

1.

Паспорт даярдоо жана берүү маселеси

32

2.

Жарандык, ЖААК жана калкты  каттоо боюнча  маселелер

34

3.

Кызматтын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин иш-аракеттерине даттануулар

66

4.

Жер маселелери (кыймылсыз мүлктү каттоо, документтерди берүү, жер талаштары)

102

5.

Транспорт каражаттарын каттоо боюнча маселелер

5

6.

Архив агенттигинин маселелери боюнча

1

7.

Шайлоого байланыштуу маселелер

-

8.

Идентификациялык жеке номер ыйгаруу

2

9.

Жумушка орноштуруу, кызматына кайра калыбына келтирүү маселелери,  эмгек талаштары

17

10.

Материалдык жардам берүү, компенсация төлөө маселелери

2

11.

Башка маселелер

28

Жалпы:

289

 

Жогоруда турган органдардан, министрликтерден, администрациялык ведомстволордон түшкөн кайрылуулар, жарандардын жазуу түрүндөгү жана электрондук кайрылуулары

 

Органдын аталышы

2018-жылы

I кв.

1.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты

26

2.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты

74

3.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

7

4.

Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору

7

5.

Электрондук билдирүүлөр

19

6.

Жарандардын жазуу түрүндөгү жана электрондук кайрылуулары

156

 

Жалпы

289

 

КР региондорунан жана КМШ өлкөлөрүнөн түшкөн

жарандардын кайрылуулары

 

Региондун аталышы

2018-жылы

I кв.

1

Бишкек шаары

104

2

Чүй  облусу

57

3

Баткен облусу

17

4

Жалал-Абад облусу

22

5

Ысык-Көл облусу

28

6

Ош облусу

28

7

Нарын облусу

14

8

Талас облусу

10

9

КМШ өлкөлөрү

9

 

Жалпы

289

 

Эң көп сандагы кайрылуулар менен арыздар Бишкек шаарынан – 36%, Чуй облусунан – 19,7% келип түшкөн. Кайрылуулардын калган бөлүгү (44,3%) региондордон жана КМШ өлкөлөрүнөн келген. Мындай айырмачылыкты жарандардын ички миграциясына байланыштырууга болот.

 

Кайрылуунун жыйынтыктары боюнча төмөндөгүдөй чечимдердин бири кабыл алынган:

1) кайрылууну толук же жарым-жартылай канааттандыруу жөнүндө – 237;

2) кайрылууну канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө – 7;

3) коюлган маселелерди чечүү жана аныкталган укук бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү жөнүндө – 6.

 

          Жарандарды жеке кабыл алуу боюнча график жаңыртылып, Кызматтын 2018-жылдын 5-мартындагы № 113 буйругу менен бекитилди. Жарандарды кабыл алуунун бекитилген графиги Кызматтын сайтына жарыяланган жана маалыматтык такталарга илинген. 2018-жылдын I кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы сегиз жаранды кабыл алган, төраганын орун басарлары эки жаранды кабыл алышкан,  жарандардын маселелери боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп, өз убагында түшүндүрмө берилди. 

 

2018-жылдын I-кварталында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын «Ишеним телефонуна» түшкөн жарандардын даттануулары жөнүндө маалымат

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында (мындан ары – Кызмат) 2010-жылдын 25-мартынан баштап        0 (312) 62 41 40 номери боюнча «Ишеним телефону» ишке киргизилген. «Ишеним телефону» аркылуу түшкөн чалууларды жана даттанууларды Кызматтын уюштуруу-коммуникациялык иштер бөлүмүнүн адистери кабыл алып, каттайт.

Кызматтын «Ишеним телефонуна» 2018–жылдын I кварталында жалпысынанан 2000 дей чалуу келип түшсө, анын 97си даттануу катары катталып, ар бир даттануу боюнча кызматтык иликтөө жана текшерүүлөр жүргүзүлдү.

«Ишеним телефону» аркылуу 2018–жылдын биринчи кварталына карата төмөнкү мүнөздөгү даттануулар кабыл алынды:

  • Кызматкерлер тарабынан жарандарга орой жана этикага жатпаган мамиле жасоо – 3;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарын документтештирүүнүн мөөнөтүнүн бузулушу – 4;
  • Коррупциялык көрүнүштөр – 2;
  • Кызматтын ишмердүүлүгүнүн сапаты – 6:

Кызматтын алдындагы бөлүнүштөрдүн ишмердүүлүгү боюнча:

  • Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти – 58;
  • Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти – 6;
  • Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаменти – 10;
  • Архив агенттиги – 2;
  •  «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы – 1;

Ошондой эле «Таза Коом» долбоорунун алкагында ачылган маалымат күркөлөрүнүн ишмердүүлүгү боюнча – 5 даттануу катталган.

Ар бир даттануу боюнча кызматтык иликтөө жана текшерүүлөр жүргүзүлдү. Кабыл алынган калган чалуулар боюнча бөлүмдүн адистери тарабынан, кайрылган жарандардын суроо-талаптарын аткаруу үчүн тиешелүү ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, түшүндүрмөлөр берилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын 14.07.2015-ж. №27-1684 тапшырмасына ылайык, 2018-жылдын I-кварталында   Кызматтын жетекчилигинин аймактарга болгон иш сапарлары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын отчету

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (мындан ары – Кызмат) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин 14.07.2015-ж. №27-1684 тапшырмасы боюнча, Кызматтын жетекчилиги 2018-жылдын I-кварталында Кыргыз Республикасынын аймактарында иш сапарлары менен болбогондугун билдирет.

 

Өнөктөштөр