Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 10/07/2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 9-февралы № 21

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун техникалык өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.";

2) 10-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 14-февралында № 22 (2747) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Атамбаев

 

 

 

2016-жылдын 29-декабрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

Өнөктөштөр