Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 13/03/2018

“Таза Коом” долбоорунун алкагында, 427 айылдык аймактарда мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтык күркөлөр орнотулат.

Бүгүн, 6 – сентябрда, Кабар агенттигинде болуп өткөн маалымат жыйынынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Догоев Дастан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018 –жылдын 28-августундагы № 542 Токтому боюнча түшүндүрмө берди.

Аталган токтомдун негизинде “Таза коом”долбоорун ишке ашыруу максатында “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы Транспорт жана байланыш министрилигининен  чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүлүп берилди.

Кызматтын төрагасы Дастан Догоев, “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын бардык почта түйүндөрүндө маалыматтык күркөлөр ачылаарын билдирди. 427 айылда ачылуучу чакан калкты тейлөө борборлору алгач 10 мамлекеттик кызмат боюнча калкка кызмат көрсөтүшөт. Мындай маалыматтык күркөлөрдү жабдуу үчүн каражат Жапониядан алынган 5,6 млн долларов гранттын эсебинен каржыланат.

 

 

 

Өнөктөштөр