Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 08/10/2018

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2018-жылдын 30-июну № 65

"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

2018-жылдын 24-майында                                                                                           Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

24-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"24-статья. Автомототранспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) жана эсепке алуунун максаттары, шарттары

1. Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:

- транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жол кыймылына катышууга жана (же) пайдаланууга жол берүү;

- транспорт каражаттарын мамлекеттик эсепке алуу;

- транспорт каражаттарын пайдалануу менен байланышкан кылмыштарды жана укук бузууларды табуу жана бөгөт коюу.

2. Юридикалык жана жеке жактар өздөрүнө таандык болгон автомототранспорт каражаттарын  алардын техникалык абалына карабастан, сатып алган (алган) же автомототранспорт каражаттарын кайра каттоого алып келген жагдайлар келип чыккан учурдан тартып 10 жумушчу күндүн ичинде каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүүгө милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасында чыгарылган, алып келинген жана пайдаланылып жаткан жер үстүндө жүрүүчү бардык транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) жатат.

4. Бардык автомобилдер, автомобиль сүйрөгүчтөр, автобустар, микроавтобустар, мотоциклдер, мотоколяскалар, моточаналар, мопеддер, трициклдер жана квадроциклдер каттоого (кайра каттоого) жатат:

- кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб. см кем эмес;

- максималдуу конструктивдик ылдамдыгы саатына 50 км ашкан;

- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүү үчүн арналган, электр кыймылдаткычы бар, жүк көтөрүмдүүлүгү 500 кг ашкан.

Тракторлор, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, транспорт каражаттары менен сүйрөлүүчү чиркемелер, жарым чиркемелер да каттоого (кайра каттоого) жатат.

5. Жарандардын жеке менчигинде турган транспорт каражаттары бир гана ээлик кылуучуга катталат.

6. Юридикалык же жеке жактарга таандык болгон тракторлор, трактордун чиркегичтери, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, стационардык технологиялык установкалар жана жабдуулар транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү бөлүмдөрү тарабынан каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүлөт.

7. Белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлбөгөн көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.

Автомототранспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) эрежелерин сактабоо жана өз убагында каттоодон өткөрбөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген администрациялык жоопкерчиликке алып келет.

8. Транспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) шарттары жана эрежелери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С. Жээнбеков

 

Өнөктөштөр