Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 05/08/2020

 

Б У Й Р У К

П Р И К А З

 

2020-жылдын      - августу, №                                                          Бишкек ш.

 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-июнундагы № 308 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” жана  2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жазуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына берүү жөнүндө” токтомдоруна ылайык буйрук кылам:

 

  1. Төмөнкү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери бекитилсин:

1) «Улуттук паспортторду жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү жеринде документтештирүү» 1-тиркемеге ылайык;

2) «Жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды ырастоо» 2-тиркемеге ылайык;

3) «Жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды тез арада ырастоо» 3-тиркемеге ылайык;

4) «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга, мобилдүү уюлдук байланыш операторлоруна Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун жарактуулугу жана жараксыздыгы жөнүндө маалымат берүү» 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жетекчилери:

1) кызматкерлерди мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенттери менен тааныштырышсын;

2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлер тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенттеринин сакталышын жеке контролго алышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын стратегиялык өнүктүрүү жана интеграциялык процесстер сектору мыйзамдарда белгиленген тартипте ушул буйруктун көчүрмөсүн төмөнкүлөргө жиберсин:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына расмий жарыялоо жана маалымат үчүн;

  1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу-коммуникациялык иштер бөлүмү ушул буйрукту Кызматтын ведомстволук сайтына жарыяласын.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарлары А.А. Туйбаевага жана Т.К. Батыркановго кураторлук багыттарына жараша жүктөлсүн.

6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага                                                                                 А.М. Мамбеталиев

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен банктар

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ «Улуттук паспортторду жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүкт

 

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ «Жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды ырастоо»

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨРДҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ«Жарандык, каттоо, калкты документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды тез арада ырастоо»

Өнөктөштөр