Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 24/12/2020

 

Б У Й Р У К

П Р И К А З

         

2020-жылдын        -декабры, №                                                             Бишкек ш.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарга тарифтердин прейскурантын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы    № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестринин (тизмегинин)  негизинде,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (иштер) үчүн акы төлөө өлчөмүн аныктоо тартибине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 18-декабрындагы № 42 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарга тарифтердин прейскурантын макулдашуу жөнүндө” буйругуна ылайык буйрук кылам:

 

  1. Жарандык, калкты каттоо, документтештирүү жана жарандык абалдын актылары жөнүндө маалыматтарды шашылыш тастыктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарга тарифтердин прейскуранты тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Ушул буйруктун 1-пунктунда бекитилген акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтарга тарифтердин прейскуранты 2021-жылдын 4-январынан тартып колдонууга киргизилээри белгиленсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти 2021-жылдын 4-январына чейинки мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык органдарына ушул буйрукту маалымат катарында жиберсин;

- мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган тарифтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин аймактык органдарынын маалымат такталарына жайгаштырсын;

- бекитилген нарк тууралуу финансылык мекемелерге белгиленген тартипте билдирсин жана алар менен келишимдерди бекитсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу-коммуникациялык иштер бөлүмү тарифтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий сайтына жарыяласын.

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы С.К.Джумадыловго жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                                    А.М. Мамбеталиев

Өнөктөштөр