Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 31/12/2020

Б У Й Р У К

П Р И К А З

 

2020-жылдын       -декабры, №                                                      Бишкек шаары

 

2021-жылга автомототранспорт каражаттарын каттоодо

жана кайра каттоодо колдонулуучу автомототранспорт каражаттарын баалоонун 5% жана 0,3% тарифтик торчосун бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы        № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө”, 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө”, 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жазуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына берүү жөнүндө” токтомдоруна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 18-декабрындагы № 43 “Автомототранспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан колдонулуучу автомототранспорт каражаттарын баалоо боюнча тарифтик торчону макулдашуу жөнүндө” буйругуна ылайык буйрук кылам:

 

  1. Чыккан жылын, кыймылдаткычынын көлөмүн эске алуу менен 2021-жылга автомототранспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан колдонулуучу автомототранспорт каражаттарын баалоонун тарифтик торчосу бекитилсин.
  2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте ылайык келтирсин жана “Транспорт каражаттарынын регистри” автоматташтырылган маалыматтык системасына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Унаа” мамлекеттик мекемеси 2021-жылдын           5-январына чейинки мөөнөттө ушул буйруктун 2-пунктуна ылайык аткарылган иш-аракеттер боюнча маалымат берсин.
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу-коммуникациялык иштер бөлүмү ушул буйрукту массалык маалымат каражаттарында жарыяласын.
  5. Ушул буйрук 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
  6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Т.Дж. Джеембаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                  А.М. Мамбеталиев

Өнөктөштөр