Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 12/01/2021

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ

«Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга, мобилдүү уюлдук байланыш операторлоруна Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалымат берүү»

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин)

6-главасы, № 62

1. Жалпы жоболор

1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.

3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:

(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү: онлайн режиминде ошол эле учурда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучудан суроо-талап жиберилген учурда.

Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн алдында Алуучу менен тийиштүү макулдашуу бекитилет, анын үлгүсүн Кызматтан алса болот же Алуучунун электрондук почтасына жиберилет.

 Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн Алуучу тараптан аткарылуучу иш-аракеттердин тартиби Кызмат тарабынан түшүндүрүлөт, ошондой эле бардык зарыл документтердин үлгүлөрү жана формалары берилет.

Кыргыз Республикасынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалымат Алуучу кардарлардан алынуучу жазуу жүзүндөгү макулдашуулардын негизинде Макулдашуунун 2-тиркемеси болуп саналган форма боюнча берилет.

2) Макулдашууну бекитүү үчүн зарыл документтердин тизмеги:

- типтүү макулдашуу;

- типтүү макулдашуунун 1-тиркемеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен маалымат берүү тартиби жөнүндө жобо);

- типтүү макулдашуунун 2-тиркемеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 токтому менен бекитилген субъектинин жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга макулдугунун формасы);

- 3-тиркеме (жеке маалыматтардын субъектисинин жазуу жүзүндө алынган макулдугунун саны жөнүндө маалымдоо актысы).

- логиндерди жана паролдорду берүү максатында жеке нотариустар үчүн каттоо формасы.

 3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы – акы төлөнөт, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.

4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды алуу.

4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук жана башка актылар:

- “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 329 “Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен маалымат берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому.

           

2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги

Жол-жобонун аталышы

Эскертүү

1

Алуучуларды кабыл алуу

- алуучулардын (банктардын, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын, жеке нотариустардын, мобилдүү уюлдук байланыш операторлорунун) кызматкерлерине телефон байланышы аркылуу консультация берүү;

- Макулдашууга кол коюу үчүн зарыл документтердин топтомун Алуучунун электрондук почтасына жиберүү;

2

 УПБМРден маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашуу бекитүү

Макулдашуунун бардык тараптарынын кол коюусу.

3

 Кызмат менен Алуучунун ортосунда техникалык өз ара аракеттенүүнү жолго коюу

Кызмат менен Алуучунун техникалык кызматкерлеринин ортосунда консультация алуу.

 Перечень       

3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы

Фронт - кеңсе

 

 

 

 

 

 

 

1

 

 

 

 

2

 

 

 

3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бэк - кеңсе

 

 

 

 

 

 

 

Баш тартуу

 

 

                                 

 

4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү

Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы

Аткаруучу, кызмат адамы

Иш-аракеттин узактыгы

Иш-аракеттин жыйынтыгы

 Иш-аракетти жөнгө салган документ

1

2

3

4

5

1-жол-жобо: Алуучуларды кабыл алуу

1.1. Кызматтын кызматкери:

- Алуучулардын (банктардын, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын, жеке нотариустардын, мобилдүү уюлдук байланыш операторлорунун) кызматкерлерине зарыл документтерди берүү маселелери боюнча телефон байланышы аркылуу консультация берет;

  • зарыл документтердин топтомун Алуучунун электрондук почтасына жиберет.

1.2. Алуучунун өкүлү Кызмат жайгашкан жерге келет жана Алуучунун жетекчиси кол койгон макулдашууну берет.

1.3. Эгер Алуучу жеке нотариус болуп саналса, аларга логиндерди жана паролдорду берүү үчүн кошумча каттоо формасы берилет.

1.3. Кызматтын кызматкери:

- макулдашууну жана каттоо формасын (болсо) алат;

- кол коюлган макулдашуудан келип чыккан маселелер боюнча Алуучунун өкүлдөрүнө консультация берет.

 Кызматтын кызматкери

Алуучу өзү кол койгон макулдашууну бергенден тартып 10-15 мүнөт

Алуучунун жетекчиси кол койгон макулдашуу

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 238 буйругу

1-жол-жобонун жыйынтыгы: Алуучунун жектечиси кол койгон макулдашуу.

1-жол-жобонун узактыгы: максимум 10-15 мүнөт

1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо

 

 

 

2-жол-жобо: УПБМРден маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашууну бекитүү

1.1. Алуучу тарабынан кол коюлган макулдашуу алынгандан кийин Кызматтын кызматкери макулдашууну Кызматтын төрагасына кол коюуга киргизет.

1.2. Төрага макулдашууга кол койгондон кийин Кызматтын кызматкери макулдашууну Алуучуга жиберет.

 

 Кызматтын кызматкери

1) макулдашууга Кызмат тарабынан 1 иш күндүн ичинде кол коюлат;

2) кол коюлган макулдашууну Алуучуга жиберүү 1 иш күндүн ичинде жүргүзүлөт

Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы болуп толугу менен кол коюлган макулдашуу саналат

 

2-жол-жобонун жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринен Алуучуга маалымат берүү үчүн укуктук шарттар түзүлдү

3-жол-жобо: Кызмат менен Алуучунун техникалык кызматкерлеринин ортосунда консультация алуу

1.1. Кызмат менен Алуучунун ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестрине кошулуунун бардык техникалык маселелери боюнча консультация алуу жүргүзүлөт.

  

 Кызматтын кызматкерлери

Туруктуу негизде

Иштин жыйынтыгы болуп Алуучулардын Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарга уруксат алуусун камсыздоо саналат

 

3-жол-жобонун жыйынтыгы: Кол коюлган макулдашуулардын негизинде Алуучуга Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарактуу жана жараксыз улуттук паспорттору жөнүндө маалыматтарды алууга уруксат берилет

               

 

 

 

 

5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)

1 жол-жобо

 

Алуучудан макулдашууну жана каттоо формасын (болсо) алат, макулдашуудан келип чыккан маселелер боюнча консультация берет

Кызматтын кызматкери Алуучунун  өкүлдөрүнө телефон байланышы аркылуу консультация берет, зарыл документтердин топтомун Алуучунун электрондук почтасына жиберет

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Алуучу тарабынан кол коюлган макулдашуу алынгандан кийин Кызматтын кызматкери ушул макулдашууну макулдашат жана Кызматтын төрагасына кол коюуга киргизет

№ 2 жол-жобо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Төрага макулдашууга кол койгондон кийин Кызматтын кызматкери макулдашууну Алуучуга жиберет

                                                 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3 жол-жобо

 

Кызмат менен Алуучунун ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестрине кошулуунун бардык техникалык маселелери боюнча консультация алуу туруктуу негизде жүргүзүлөт

Конец процедуры

Подшивка 1 экземпляра записи акта о смерти

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо

6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.

1) Ички жана тышкы контроль Кызмат тарабынан жүргүзүлөт.

2) Текшерүү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү 6 айды түзөт.

3) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.

7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо Кызматтын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.

2) Маалымкатка кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал Кызматтын жооптуу түзүмдүк/ведомстволук бөлүмүнө жиберилет.

Маалымкат түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.

Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү  демилгеленет.

3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн тышкы контроль бир жылда бир жолу (жыл сайын) жүргүзүлөт.

 

7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик жоопкерчилик тартышат.

9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.

 

8. Корутунду жоболор

10. Административдик регламент кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.

 

9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:

 

1. Смагулов Алибек Бейшембаевич – Кызматтын стратегиялык өнүктүрүү жана интеграциялык  процесстер секторунун башчысы.

Өнөктөштөр