Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 12/01/2021

  

 

 1-тиркеме

«Бекитилген»

202_-жылдын «___» __________

 № _____ буйругу менен

2021-жылдын «___» ___________ редакциясында

 Мамбеталиев А.М. ___________

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы

 

 

 

 МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ

«Улуттук паспорттор жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөр менен жеринде документтештирүү»

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин

6-главасы, № 61

1. Жалпы жоболор

1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмдөрүнүн (мындан ары текст боюнча – ЖААККПК)  кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Мобилдүү топторунун (мындан ары текст боюнча – МТ) кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт.

 2. Ушул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү стандартынын талаптарына жооп берет.

3. Кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен берилген негизги параметрлер:

(1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү:

- жарандарды 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт ID-карта менен документтештирүү – 12 иш күндөн ашык эмес;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын жалпы жарандык паспорттор менен документтештирүү – 18 иш күндөн ашык эмес;

- 16 жашка чыга элек адамдарды жалпы жарандык паспорттор менен документтештирүү - 10 иш күн;

Жарандык абалдын актыларын каттоого үйүнө (же арыз ээси турган башка дарекке) барып документтерди кабыл алууга убакыт – 1 сааттан ашык эмес.

Жарандык абалдын актыларын каттоонун жалпы мөөнөтү жарандык абалдын актылары чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөргө ылайык.

Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү үйүнө (же арыз ээси турган башка дарекке) барып берүү убактысы – 1 сааттан ашык эмес.

а) улуттук паспорттор жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен үйүнө барып документтештирүү үчүн өтүнмөнү кабыл алуу арыз ээси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборлоруна (мындан ары – КТБ) түздөн-түз кайрылганда жүргүзүлөт.

б) улуттук паспорттор жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен үйүнө барып документтештирүү үчүн жарандардын жеңилдик берилген топторуна кирген арыз ээлеринин үйүнө баруу акысыз жүргүзүлөт.

Мында улуттук паспорттор жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен үйүнө барып документтештирүү үчүн акы төлөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун шашылыш даярдоо үчүн акы төлөө арыз ээсинин макулдугу менен арыз ээсинин атынан кызматкер тарабынан жүргүзүлөт. Ошондой эле жарандардын каалоосу менен паспортту үйүнө жеткирүүнү тариздөө мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун жана жалпы жарандык паспортту акы төлөнүүчү негизде шашылыш тартипте даярдоо төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:

- 8 жумуш күнү - "шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында;

- 4 жумуш күнү - "өзгөчө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында;

- 2 жумуш күнү - "өтө шашылыш" мөөнөттүүлүк даражасында.

 (2) 1. 2017-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортту тариздөө үчүн зарыл документтердин тизмеги:

- анкета-арыз, аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБнын кызматкери тариздейт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдөрдү тастыктаган квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).

Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет:

1.1. 16 жашка толгондо:

-  туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо;

- арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси болбогон учурда) паспорттору же жалпы жарандык паспорту (болсо) - КБМРде маалымат болбогондо;

- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө өтүнүч - камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жак үчүн;

1.2. адам өз убагында документтештирилбеген учурда (18 жашка толгон жана андан улуу куракта):

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароо тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу корутунду;

1.3. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун алмаштырууда:

а) паспорттун колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу же арыз ээсинин каалоосу боюнча:

- алмаштырылып жаткан паспорт;

б) жеке маалыматтар өзгөргөнүнө же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна жазуулар катасы менен киргизилгендиги аныкталганына байланыштуу:

- алмаштырылып жаткан паспорт;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;

1.4. Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспортун алмаштырууда:

- Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун жаранынын алмаштырылып жаткан 1974-жылдын үлгүсүндөгү паспорту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду;

1.5. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун, 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун бузулганына байланыштуу кайрылууда:

- алмаштырылып жаткан, бузулган паспорт.

Арыз ээсинин ким экендигин жана паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорт үчүн жана КБМРда маалымат болбосо) аймактык бөлүнүштүн кызматкери мурда берилген паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган паспортту берүү фактысын текшерет;

1.6. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортторунун жоголгонуна байланыштуу:

- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы, анда кайсыл жерде, качан жана кандай жагдайлардан улам паспорттун жоголгондугу көрсөтүлөт;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;

КБМРда маалымат болбосо, жогоруда аталган документтердин негизинде Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жоготуу тууралуу көктөмө түзүлөт. Жоголгон паспорттун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат.

Жоготуу жөнүндө көктөмөнү түзүү жана жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт;

1.7. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жоголгонуна байланыштуу:

- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арызы;

1.8. эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулган учурда, эгерде арыз ээси мурда 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору менен документтештирилбеген болсо:

- эркиндигинен ажыратуу жайларынан бошотулганы жөнүндө маалымкат;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароонун тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы тууралуу корутунду.

1.9. жарандар жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жатканда:

- түзөтүүчү мекеменин администрациясынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө өтүнүчү;

- жарандарды документтештирүүнү талап кылган учурларга жараша ушул пункттун 1.1-1.7-пунктчаларында аталган документтер;

1.10.  жарандар шектүү, айыпталуучу катарында камакка алынган жайларда болгондо:

- жарандардын кылмыш иштери өндүрүшүндө турган органдын өтүнүчү;

- жарандарды документтештирүүнү талап кылган учурларга жараша ушул пункттун 1.1-1.7-пунктчаларында аталган документтер.

2. Жалпы жарандык паспортту тариздөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:

- аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБ кызматкери тарабынан таризделүүчү анкета-арыз;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы жарандык паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдүн төлөнгөнүн ырастаган квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).

Жогоруда аталган документтерге кошумча төмөнкү документтер берилет:

   2.1. 16 жашка толо элек адам үчүн:

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРда маалымат болбогондо;

- 16 жашка толо элек адамдын ата-энеси же ата-энесинин бири (же ата-энеси жалгыз болсо, ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири өлгөндүгү тууралуу күбөлүк болгондо, ата-энесинин бири эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жатканда, ата-энесинин бирин дайынсыз жоголду деп, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири издөөдө болгондо) же башка мыйзамдуу өкүлү толтурган жана кол койгон арыз, арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт;

- 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (ушул пунктчанын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн учурларда, көрсөтүлгөн учурларды ырастоочу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору.

Эгер арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет;

16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн арызы болбогон учурда, Кыргыз Республикасынан сырткары өз алдынча чыгышы зарыл болгон учурда, 16 жашка толо элек жаран үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө соттун чечими боюнча уруксат берилиши мүмкүн;

2.2. 16 жашка толгон адам кайрылганда:

- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРда маалыматтар жок болсо;

2.3. төмөнкүлөргө байланыштуу жалпы жарандык паспортун алмаштырып жаткан жаран кайрылганда:

а) визалык белгилер үчүн барактары бүткөнүнө, колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу:

- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;

б) жеке маалыматтары өзгөргөнүнө же жалпы жарандык паспортто жаңылыш менен жазылган жазуулар аныкталганына байланыштуу:

- алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;

в) жалпы жарандык паспорт бузулган учурда:

- алмаштырылууга тийиш болгон бузулган жалпы жарандык паспорт.

Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (КБМРда маалыматтар жок болсо) аймактык бөлүнүштүн кызматкери тарабынан мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган жалпы жарандык паспортту берүү фактысы текшерилет;

2.4. арыз ээсинин каалоосу боюнча же виза барактары бүткөнүнө байланыштуу экинчи жалпы жарандык паспортту алууда жана колдонуу мөөнөтү аяктаган же аяктап бара жаткан жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасы болгондо:

- жалпы жарандык паспорт;       

2.5. жалпы жарандык паспорт жоголгондо:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту - КБМРда маалыматтар жок болсо.

          3.  Туулгандыкты мамлекеттик каттоо үчүн зарыл документтердин тизмеги:

3.1 Ата-энеси катталган никеде турган баланын туулгандыгын каттоодо берилүүчү документтердин тизмеги:

- медициналык мекеменин же жеке иштеген врачтын баланын туулгандыгы тууралуу маалымкаты;

- ата-эненин ким экендигин ырастоочу документтер;

- никелешүү тууралуу күбөлүк;

- арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документ (эгер ата-энеси (ата-эненин бири) тарабынан арыз берилбесе);

3.2 Катталган никеде турбаган эненин (жалгыз бой эненин) арызы боюнча баланын туулгандыгын каттоодо берилүүчү документтердин тизмеги:

- медициналык мекеменин же жеке иштеген врачтын баланын туулгандыгы тууралуу маалымкаты;

- эненин ким экендигин ырастоочу документ;

- арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документ;

3.3 Бир же андан жогору жашка чыккан баланын туулгандыгын каттоодо берилүүчү документтердин тизмеги:

- медициналык мекеменин же жеке иштеген врачтын баланын туулгандыгы тууралуу маалымкаты;

- ата-эненин никелешүү тууралуу күбөлүгү (эгер нике бекитилсе);

- атанын же эненин (ата-эненин) ким экендигин ырастоочу документтер;

Чет өлкөлүк жарандар баланын туулгандыгын каттоо үчүн жогоруда саналып өткөн документтерге кошумча төмөнкүлөрдү берет:

- чет өлкөлүк жарандын мамлекеттик/расмий тилге котормосу наториалдык күбөлөндүрүлгөн паспорту;

- жарандыгы жок адамдын жашап турууга уруксаты;

- кайрылмандын күбөлүгү.

4.  Аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо үчүн зарыл документтердин тизмеги:

- ЖААККПК бөлүмүнүн жана/же МТнын кызматкери тариздеген баланын туулгандыгын каттоо менен бир убакта бала төрөлгөн учурда бири-бири менен никеде турбаган баланын атасы менен энесинин аталыкты аныктоо жөнүндөгү электрондук арызы;

Аталыкты аныктоону каттоо үчүн арыз ээлери (арыз ээси) ким экендигин ырастоочу төмөнкү документтердин бирин берүүлөрү зарыл :

1) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта);

- жалпы жарандык паспорт консулдук каттоо тургандыгы жөнүндө белги менен (туулгандыгы тууралуу күбөлүк болгондо);

- офицердин өздүк күбөлүгү.

2) Чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- чет өлкөлүк жарандын мамлекеттик/расмий тилге котормосу наториалдык күбөлөндүрүлгөн паспорту;

- жарандыгы жок адамдын жашап турууга уруксаты;

- кайрылмандын күбөлүгү.

 5. Өлгөндүктү мамлекеттик каттоо үчүн зарыл документтердин тизмеги:

Өлгөндүктү каттоо үчүн арыз ээлери (арыз ээси) төмөнкүлөрдү берүүсү зарыл:

- саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын медициналык мекемеси тарабынан берилген өлгөндүгү тууралуу белгиленген формадагы документ;

- арыз ээсинин ким экендигин ырастоочу документ;

- өлгөн адамдын ким экендигин ырастоочу документи. Эгер өлгөн адамдын ким экендигин ырастоочу документи жок болсо, өлгөндүгү тууралуу актылык жазууга документтин жоктугу жөнүндө белги коюлат;

- ЖААККПК бөлүмүнүн жана/же МТнын кызматкери тариздеген электрондук арыз.

 (3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы – акы төлөнөт, монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен аныкталат.

(4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы:

- 2017-жылдын (ID-card) жана 2006-жылдын үлгүлөрүндөгү паспортторду алууга үйүнө (же арыз ээси турган башка дарекке) барып документтерди тариздөө;

- 2017-жылдын (ID-card) жана 2006-жылдын үлгүлөрүндөгү даярдалган паспортторду үйүнө (же арыз ээси турган башка дарекке) барып берүү;

- жарандык абалдын актыларын каттоо үчүн үйүнө (же арыз ээси турган башка дарекке) барып документтерди кабыл алуу;

- жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү үйүнө (же арыз ээси турган башка дарекке) барып берүү.

4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жөнгө салган ченемдик укуктук актылар:

   - Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси;

  - Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;

- “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы №174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароо тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги №197 “Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-декабрындагы № 579 “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө” токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-октябрындагы № 573 “Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри жана Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органдарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө” токтому;

-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө” токтому;

-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускама.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги

Жол-жобонун аталышы

Эскертүү

1

Улуттук паспорттор жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен документтештирүү үчүн ЖААККПКБнын жана МТнын кызматкерлеринин белгиленген жерге жана убакытка арыз ээсине баруулары

- МТнын кызматкерлери өтүнмөнү кабыл алышат (ошол эле учурда “Паспорт”, “ЖААЖ”, “ДМБ” АМСтен арыз ээсинин ИЖНин, каттоолук эсебинин болушун текшеришет);

-  документтер мыйзамдарга ылайык толуктугуна, оңдоолордун жана жасалмалоонун белгилеринин болуусуна, колдонуу мөөнөтүнө карата текшерилет.

Берилген документтерде жогоруда аталган негиздемелер аныкталган учурда  ЖААККПК бөлүмүнүн жана КТБнын жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына дароо билдирилет, 3 нускада акт түзүлөт,  анын бирөө бир жумуш күндүн ичинде  ЖААККПК бөлүмүнүн жайгашкан жери боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси -  ЖААККПК бөлүмүндө жана/же КТБда калат, үчүнчүсү - арыз ээсине берилет. Оңдоолор жана/же жасалмалоонун белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета-арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыгарылгандан кийин чечилет. 

2

    Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен документтештирүү үчүн анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жөнөтүү

  • арыз ЖААККПКБнын/МТнын кызматкери тарабынан «Паспорт» АМСте электрондук түрдө толтурулат.

Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыз жана актылык жазуу  ЖААККПКБнын/МТнын кызматкери тарабынан «ЖААЖ» АМСте электрондук түрдө түзүлөт.

3

    Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү

Арыз ээлерине (же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө) Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору белгиленген мөөнөттө берилет, бул жөнүндө смс-билдирүү жиберилет. Арыз ээси өз каалоосу менен кошумча акыга паспортту жеткирүү кызматынан пайдаланса болот.

Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр арыз эссине барган күнү берилет.

. Перечень       

 

 

3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы

 

Фронт - кеңсе

 

 

 

 

 

 

 

1

 

 

 

 

2

 

 

 

3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бэк - кеңсе

 

 

 

 

 

 

 

Баш тартуу

 

 

                                 

 

 

4. Жол-жоболорду сыпаттоо жана алардын мүнөздөмөлөрү

Жол-жоболордун жана иш-аракеттердин аталышы

Аткаруучу, кызмат адамы

Иш-аракеттин узактыгы

Иш-аракеттин жыйынтыгы

 Иш-аракетти жөнгө салган документ

1

2

3

4

5

1-жол-жобо: Улуттук паспорттор жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен документтештирүү үчүн ЖААККПКБнын жана МТнын кызматкерлеринин белгиленген жерге жана убакытка арыз ээсине баруулары

  1.  Жарандар КТБларга жана МТларга (мобилдүү топторго) түздөн-түз кайрылганда өтүнмөнү кабыл алат, ошондой эле арыз ээсине консультация берет, каттолук эсепке алынган жерди (фактылык жашаган жерин) тактайт, зарыл документтердин тизмеги, кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген наркы жөнүндө арыз ээсине билдирет;
  2. Арыз ээсине белгиленген жерге жана убакытка барат;

1.3. Арызды кабыл алып жатканда ЖААККПКБнын же МТнын кызматкери документтердин ушул Административдик регламентте көрсөтүлгөн тизмекке шайкештигине карата текшерет;

1.4 Талап кылынган документтер жок болгондо же алардын белгиленген талаптарга жооп бербеген фактылары аныкталганда, арыз ээсине ал кошумча берүүгө тийиш болгон документтер, ошондой эле аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн арыз ээси эмне кылуу керектиги жөнүндө түшүндүрүлөт жана документтерди кабыл алуудан баш тартат;

- берилген документтер бардык талаптарга жооп берген учурда “Паспорт” АМСте анкета-арызды, “ЖААЖ” АМС системасында электрондук арызды тариздейт.

 ЖААККПКБнын жана/же МТнын кызматкери

документтер талаптарга жооп бергенде 5-10 мүнөт

- документтерди кабыл алуу же болбосо арыз ээсине документтерди кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечим

 

 Ушул Административдик регламенттин 4-пунктунда каралган ченемдик укуктук актылар

1-жол-жобонун жыйынтыгы:  Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен документтештирүү үчүн документтерди кабыл алуу

1-жол-жобонун узактыгы: максимум 5-10 мүнөт

1-жол-жобонун тиби: административдик жол-жобо

Кийинки жол-жобонун номери: 2

2-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен документтештирүү үчүн анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жөнөтүү

Паспорт боюнча:

2.1. электрондук түрдө анкета-арызды толтуруу;

2.2. арыздын туура толтурулганын, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтерге шайкештигин текшерүү:

- арыз ээсинин ИЖНи боюнча КБМРде жаранды идентификациялоо;

- “Паспорт” АМСга киргизүү үчүн арыз ээси берген документтердин түп нускаларын сканерлөө, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылат;

- арыз ээсинен анкета-арызга киргизилген маалыматтардын тууралыгын тактоо жана арыз ээсинин кол тамгасы аркылуу күбөлөндүрүү. Анкета-арызга электрондук өздүк кол тамга алуучу түзүлүш аркылуу арыз ээси кол коет, белгиленген тартипте эмгекке жөндөмсүз деп таанылган адамдардан тышкары, мында анын мыйзамдуу өкүлүнүн колу коюлат.  Өздүк кол тамгасын кое албаган, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын өздүк кол тамгасынын ордуна ЖААККПКБнын же МТнын кызматкери тарабынан сызыкча коюлат.

Арыз ээсин улуттук паспорттор менен документтештирүүдө:

 2.3 арыз ээсин фотосүрөткө тартуу;

2.4. биометрикалык маалыматтар базасы боюнча салыштырып текшерүү үчүн эки колдун эки сөөмөйлөрүнүн издери сканерленет. Арыз ээсинин колдорунун сөөмөйлөрү (сөөмөйү) жок болсо, колдордун болгон манжаларынын издерин сканерлөө Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 16 жашка чыга элек адамдарды биометрикалык маалыматтар базасы боюнча текшерүү жүргүзүлбөйт;

2.5. “Инфоком” МИнин Күбөлөндүрүүчү борборунун Регламентине кошулуу жөнүндөгү макулдашуунун бланкын арыз ээсине кол коюу үчүн берүү, мында ушул макулдашууга кол коюдан баш тартуу адамды паспорт менен документтештирүүгө тоскоолдук болуп саналбайт;

2.6. анкета-арыз таризделгенден кийин улуттук паспортту даярдоо үчүн сканерленген документтер менен бирге корголгон электрондук байланыш каналы боюнча, документтерди кабыл алуу жөнүндө тил кат берилген учурдан тартып 2 иш күндөн кечиктирилбестен, ЭСК аркылуу даярдоочу ишканага (“Инфоком” МИнин Мамлекеттик жекелештирүү борборуна) жиберилет;

2.6. документтерди кабыл алуу жөнүндө тил катты берүү;

2.7. арыз ээсине паспортту үйгө жеткирүү мүмкүндүгү жана паспорт даярдалгандыгы жөнүндө арыз ээсинин номерине смс-билдирүү түшөөрү жөнүндө консультация берүү.

ЖААК боюнча:

Арыз кабыл алынгандан кийин жарандык абалдын актысын жазуу түзүлөт:

- баланын туулгандыгы тууралуу;

- аталыкты аныктоо тууралуу;

- өлгөндүгү тууралуу.

Жарандык абалдын актыларын жазуу “ЖААЖ” АМС аркылуу электрондук жана автоматтык түрдө түзүлөт, эки нускада басып чыгарылат жана ЖААККПКБнын кызматкеринин колу менен жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрөт.

Арыз ээси киргизилген маалыматтарды текшерет жана жарандык абалдын актыларын жазууга кол коет.

2.8. электрондук түрдө арызды толтуруу;

2.9. арыздын туура толтурулганын, ага киргизилген маалыматтардын арыз ээси берген документтерге шайкештигин текшерүү:

2.10 арыз ээсинин ИЖНи боюнча КБМРде жаранды идентификациялоо;

2.11 “ЖААЖ” АМСга киргизүү үчүн арыз ээси берген документтердин түп нускаларын сканерлөө, документтердин түп нускалары арыз ээсине кайтарылат;

2.12 арыз ээсинен арызга киргизилген маалыматтардын тууралыгын тактоо жана арыз ээсинин кол тамгасы аркылуу күбөлөндүрүү;

2.13 “ЖААЖ” АМС аркылуу жарандык абалдын актыларын каттоону жүргүзүү;

2.14. жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктү басып чыгаруу.

ЖААККПКБнын кызматкери  

10 мүнөт

таризделген анкета-арыз

 

2-жол-жобонун жыйынтыгы:   Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөр менен документтештирүү үчүн анкета-арызды толтуруу, тариздөө жана жөнөтүү

2-жол-жобонун узактыгы: максимум 10 мүнөт

1-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу

Кийинки жол-жобонун номери: 3

3-жол-жобо: Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторун жана жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү

Паспорт боюнча:

3.1 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жана/же жалпы жарандык паспорт арыз ээсинин жеке өзүнө же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет.

Арыз ээсинин мыйзамдуу өкүлү кайрылганда, анын ким экендигин ырастоочу документи жана өкүлдүн ыйгарым укугун тастыктаган, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат көрсөтүлөт. Өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтеринин көчүрмөлөрү жана анын ишеним катынын көчүрмөсү аймактык бөлүмдө үч жылга чейин сакталат.

3.2. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана/же жалпы жарандык паспортту жаранга берүүдө аймактык бөлүмдүн кызматкери төмөнкүлөргө милдеттүү:

- 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жана/же жалпы жарандык паспорт анын атына даярдалган адам алып жатканын ырастоо;

- алуучуга 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортко жана/же жалпы жарандык паспортко киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерүүнү сунуштоо;

- алмаштырыла турган паспортту алып коюу, ушул колдонмодо белгиленген тартипте аны жараксыз абалга келтирүү, экинчи жалпы жарандык паспорт берилген учурдан тышкары;

- паспорттун чибин активдештирүү.

3.3. Арыз ээси алып коюула турган паспортту жоготуп алгандыктан, алмаштырыла турган паспортту алып коюуга мүмкүн болбогон учурда, арыз ээси алып коюула турган паспортту качан, кайда жана кандай кырдаалда жоготконун баяндоо менен даярдалган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту же жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө ЖААККПКБнын жетекчисине жазуу жүзүндө кайрылуу берилгенден кийин 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же жалпы жарандык паспорт арыз ээсине же анын мыйзамдуу өкүлүнө берилет.

Паспортту жоготкондугу жөнүндө арыз кириш кат-кабарлар журналына катталат.  

3.4. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттон же жалпы жарандык паспорттон заводдук брак (механикалык бузулуу, анын ичинен чипти окуу мүмкүн эместиги) аныкталганда, 3 нускада акт түзүлөт. Актынын бир нускасы 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же жалпы жарандык паспорт жана анкета-арыз менен даярдоочу ишканага кайрадан даярдоого жиберилет. Актынын экинчи нускасы акт түзүлгөн жер боюнча аймактык бөлүмдө калат, үчүнчү нускасы арыз ээсине берилет. 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту же жалпы жарандык паспортту кайрадан даярдоо 3 иш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Жаңы даярдалган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт же жалпы жарандык паспорт берилгенден кийин аймактык бөлүмдө түзүлгөн актылар белгиленген тартипте жок кылынат.

3.5 Үй-бүлөлүк абалы өзгөргөн, жашаган жери боюнча кайра катталган учурда Кыргыз Республикасынын жарандары 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун чибинде камтылган маалыматтарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүүлүгү тууралуу арыз ээсине билдирүү.

3.6 паспортту берүү.

ЖААК боюнча:

3.7 арыз ээсине туулгандыгын каттоо тууралуу / аталыгын аныктоо тууралуу / өлгөндүгүн каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү;

3.8. жарандык абалдын актылары тууралуу күбөлүк ЖААККПКБнын кызматкеринин колу жана бөлүмдүн мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана арыз ээсине берилет.

 

5 мүнөт

2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана/же жалпы жарандык  паспортту берүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Туулгандыгын каттоо тууралуу күбөлүктү же аталыгын аныктоо тууралуу күбөлүктү же өлгөндүгүн каттоо тууралуу күбөлүктү берүү

 

3-жол-жобонун жыйынтыгы: 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана/же жалпы жарандык паспортту, жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү

3-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнөт

3-жол-жобонун тиби: административдик-башкаруу жол-жобосу

               

 

 

 

 

 

 

 

 

5. Жол-жобону аткаруу схемасы (алгоритмдер)

1 жол-жобо

 

Жарандар КТБларга жана МТларга  түздөн-түз кайрылганда өтүнмөнү кабыл алат  

Берилген документтердин тизмекке шайкештигин текшерүү

Документтер белгиленген эрежелерге шайкеш эместиги аныкталганда консультация берүү

Анкета-арызды тариздөө 

Документтерди кабыл алууну токтотуу/баш тартуу

“ЖААЖ” АМС же “Паспорт” АМС

Арыз ээсине белгиленген жерге жана убакытка барат

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

            2 жол-жобо (Паспорт боюнча)

 

Анкета-арызды толтуруу 

КБМРде ИЖН боюнча арыздын туура толтурулганын текшерүү

Каттоолук эсепке алууну текшерүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ДМБ” АМС

                                                 

 

 

 

Документтердин түп нускаларын сканерлөө 

 «Паспорт» АМС

 

 

 

                                                 

 

 

Анкета-арызды жана ага тиркелген документтерди корголгон байланыш каналы боюнча МЖБга берүү

Документтерди кабыл алуу жөнүндө тил кат берүү

 «Паспорт» АМС

Арыз ээсин фотосүрөткө тартуу

 «Инфоком» МИнин Регламентине кошулуу жөнүндө макулдашуунун бланкын берүү

Колдордун эки сөөмөйүнүн издерин сканерлөө

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


 

 

№ 2 жол-жобо (ЖААК боюнча)

 

 

Арызды толтуруу

 

Арыздын туура толтурулганын текшерүү

КБМРде арыз ээсин ИЖН боюнча идентификациялоо

“ЖААЖ” АМСке киргизүү үчүн документтердин түп нускаларын сканерлөө

Арыз ээсинен киргизилген маалыматтардын тууралыгын тактоо жана күбөлөндүрүү

Жарандык абалдын актыларын каттоону жүргүзүү

Жарандык абалдын актыларын каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3 жол-жобо (Паспорт боюнча)

 

Конец процедуры

Кабыл алуу

арыз ээсин

мыйзамдуу өкүлдү

документтерди, ким экендигин, ишеним кат боюнча ыйгарым укуктарды текшерүү

бетин паспортогу фотосүрөткө салыштырып текшерүү аркылуу алуучунун ким экендигин ырастоо 

паспорттогу маалыматтардын туура таризделгенин текшерүү  

алмаштырыла турган паспортту алып коюу

чипти активдештирүү, өзгөртүүлөрду киргизүү боюнча түшүндүрүү 

2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана/же жалпы жарандык паспортту берүү

Подшивка 1 экземпляра записи акта о смерти

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№ 3 жол-жобо (ЖААК боюнча)

 

Арыз ээсине туулгандыгын каттоо тууралуу / аталыгын аныктоо тууралуу / өлгөндүгүн каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо

6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышы үчүн ички (күндөлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.

1) Ички контроль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти тарабынан жүргүзүлөт.

2) Ички контроль Департаменттин жумушчу топ түзүү жөнүндөгү буйругунун негизинде кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин сакталышын жана аткарылышын дайыма текшерүү аркылуу жүргүзүлөт.

3) Текшерүү жыл сайын жүргүзүлөт.

Пландан тышкаркы текшерүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.

4) Текшерүү жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламентинин талаптарын аныкталган бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.

7. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын тышкы контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чечими менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы корутунду түрүндө таризделет, анда аныкталган бузуулар, кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча сунуштар белгиленет, ошондой эле административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилиши мүмкүн.

2) Корутундуга кол коюлгандан тартып 3 иш күндүн ичинде ал ошол кызматты көрсөткөн мекемеге жиберилет.

Корутунду түшкөн күндөн тартып бир ай мөөнөттө аныкталган бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча чаралар, ушул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жаза чаралары көрүлүүгө тийиш.

Ошондой эле зарылдыгына карата белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү  демилгеленет.

3) Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын тышкы контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

 

7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

9. Кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү жеке менчик жана/же юридикалык жактарга аткарууга өткөрүп берилген учурда, административдик регламенттин талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ошол кызмат көрсөтүүгө жооптуу мекемеге жүктөлөт.

 

8. Корутунду жоболор

10. Административдик регламент Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын кайра кароо менен бир эле убакта жана зарылдыгына карата каралууга тийиш.

 

 

 

9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар:

 

1. Атанаева Г.Е.- КРӨ МКК КЖААКД ККМБнын башчысы

2. Таманбаев. Р.- КРӨ МКК КЖААКД ЧУКБнын башкы адисинин м.а.

 

Өнөктөштөр