Б У Й Р У К
П Р И К А З
2021-жылдын 14 -майы, №99 Бишкек ш.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө” токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 2021-жылдын 14-майындагы № 14 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругуна ылайык буйрук кылам:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2019-жылдын 22-февралындагы № 54 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту менен Кыргыз Республикасынын жарандарын шашылыш документтештирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (баалардын) прейскурантын бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бардык текст боюнча “2006-жылдын үлгүсүндөгү” деген сөздөр “2020-жылдын үлгүсүндөгү” деген сөздөргө алмаштырылсын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 82 “Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту менен Кыргыз Республикасынын жарандарын шашылыш документтештирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (баалардын) прейскурантына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бардык текст боюнча “2006-жылдын үлгүсүндөгү” деген сөздөр “2020-жылдын үлгүсүндөгү” деген сөздөргө алмаштырылсын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти (мындан ары – Департамент) Департаменттин аймактык бөлүмдөрүн ушул буйрук менен тааныштырсын жана калкка жеткиликтүү жерлерге мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштырсын.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу-коммуникациялык иштер бөлүмү ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий сайтына жайгаштырсын.
- Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын финансы-экономикалык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Төрага А.М. Мамбеталиев