Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 08/02/2018

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 22-январы № 16-б

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасынын алкагында "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-январындагы № 6-б буйругу менен жактырылган Инвестициялык макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелерин аткаруу максатында "Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо үчүн республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Республикалык штаб "Акылдуу шаар" долбоорун андан ары ишке ашыруу боюнча чараларды жана сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу орган болуп санала тургандыгы аныкталсын.

3. Республикалык штаб "Акылдуу шаар" долбоорунун алкагында жеткирип берүүлөрдүн тартибин, графигин, мөөнөтүн, көлөмүн жана шарттарын аныктай тургандыгы белгиленсин.

4. Республикалык штабдын ишин уюштуруучулук жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмү Республикалык штабдын катчылыгы болуп аныкталсын.

6. Республикалык штабга зарылдыгына карата мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.

7. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Республикалык штабдын ишине көмөк көрсөтүшсүн.

8. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

С. Дж. Исаков

 

Тиркеме

"Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча республикалык штабдын
КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Республикалык штабдын жетекчиси;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Республикалык штабдын жетекчисинин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;

Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

Кыргыз Республикасынын Экономика министри;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун президенти башкармасынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын начальниги.

Өнөктөштөр