Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 31/03/2015

2014-жылдын 13-ноябрында жана 2014-жылдын 10-декабрында ведомстволор аралык жумушчу топтун ишине төмөнкү уюмдардын өкүлдөрү катышты:

КР ЖК Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети, КР ЖК Социалдык саясат боюнча комитети, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, КР Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча Комиссиянын Катчылыгы, КР Юстиция министрлиги, КР Акыйкатчы аппараты, «Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери» КФ, «Ишкер аялдарды колдоо ассоциациясы» КФ, «Адилет» Укуктук клиникасы, КР УКМК, БУУнун КЖКБ.

Кеңешменин катышуучулары көпчүлүк добуш менен (каршы добуш болгон жок) төмөнкүдөй сунуштарды кабыл алышты.

  1. КР мыйзамдарына ылайык, «жарандыгы жок адам» (ЖЖА) – Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелбеген жана башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экенин далилдей албаган адам. Башкача айтканда, паспортун жоготуп алган адам ЖЖА катары жаңылыш каралышы мүмкүн. Бул аныктамага ылайык, ошол адам чет элдин жараны болбогонун өзү далилдеш керек. Буга байланыштуу «Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» Мыйзамга «Кыргыз Республикасында жарандыгы жок адам» беренесин кошуу зарыл. Анда «жарандыгы жок адамга» эл аралык стандарттарга ылайык аныктама берилет: «жарандыгы жок адам – кайсы бир мамлекеттин мыйзамына ылайык анын жараны катары каралбаган адам».
  2. Мыйзамдарды жөнөкөйлөштүрүү максатында «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Мыйзамдан жана «Тышкы миграция жөнүндө» Мыйзамдан бирин-бири кайталаган «жарандыгы жок адам» аныктамасын алып салуу зарыл.
  3. «Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» Мыйзамда тек жайын тастыктаган документ берүү менен жарандыгы жок адамдын статусун аныктоо жол-жобосун өткөрүү керек. Жол-жобонун өзү өзүнчө ченемдик акт менен бекитилет.
  4. 2014-жылдын башында өлкөдө СССР маалында берилген паспортту алып жүргөн, ошондой эле СССР убагында алган паспортун жоготуп алып, башка паспорт албагандардын  саны 11 000ден ашык болгону аныкталды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы БУУнун КЖКБ колдоосу менен ошол адамдардын жарандыгын аныктоо боюнча 2014-жылы ийгиликтүү башталган ишин 2015-2016-ж.ж. да улантууну пландоодо. «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Мыйзамдын «Кыргыз Республикасынын жарандары» аттуу 5-беренесинен 2-пунктту чыгарып салуу бул категорияга кирген адамдардын жарандыгын аныктоонун жол-жобосун татаалдаштырат. Буга байланыштуу кашаанын ичине алынган «ички иштер органдарына кайрылган учурдан тартып» деген сөздү кошпогондо, бул пунктту убактылуу азыркы редакциясында калтыруу сунушталат (бул категорияга кирген адамдардын документине байланышкан маселелерди чечкенге чейин).
  5. «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Мыйзамдын «Кыргыз Республикасынын жарандыгын күбөлөгөн документтер» аттуу 9-беренесинен жарандыкты күбөлөгөн документтердин тизмесинен туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алып салуу сунушталат. Болбосо, эгерде баланын жарандыгы аныкталбаса, туулгандыгын каттоо жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктү берүү процесси создугуп кетүүдө.
  6. Балдардын жарансыздыгын болтурбоо максатында «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Мыйзамдын 12-беренесиндеги 1-4-бөлүктөрдү төмөнкүдөй пункттар менен алмаштыруу сунушталат:

«1. Бала туулган учурда ата-энесинин жок дегенде бири Кыргыз Республикасынын жараны болсо туулган жерине карабастан бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналат.

2. Ата-энеси, же жалгыз атасы, же энеси Кыргыз Республикасында жашаган чет өлкөлүк жаран болсо, же жарандыгы жок болгон учурда, эгерде ата-энеси жаран болгон өлкө (өлкөлөр) балага жарандык бербесе, ал бала Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелет».

  1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбооруна ылайык, мыйзам долбоордун авторлору “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамдын 16-беренесинин 1-пунктундагы “конституциялык түзүлүш негиздерин күч колдонуу менен өзгөртүүгө чыккандарга сөзүн алып салууну сунушташууда. Муну менен жарандыкка кабыл алуудан баш тартылган адамдардын категориясын чектешүүдө. Ошол эле учурда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздугуна коркунуч келтирген иштерди жүзөгө ашырган” адамдар категориясы кала берет. Бул формулировкалоо айкын эмес, коррупцияга жол ачышы ыктымалдай көрүнүүдө жана “мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирген иштердин” так критерийлерин иштеп чыгууну талап кылат.
  1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбооруна ылайык, мыйзам долбоордун авторлору “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамдын 16-беренесин 9-пункт менен толуктоону сунушташууда. Ага ылайык, жарандык маселелери боюнча Комиссия жарандыкка кабыл алуу тууралуу өтүнүчтөрдү канааттандыруунун максатка ылайыктуу эместиги тууралуу чечим кабыл алалат. Бул формулировкалоо айкын эмес, коррупцияга жол ачышы ыктымалдай көрүнүүдө жана “өтүнүчтөрдү канааттандыруунун максатка ылайыктуу эмес” болгон учурлардын так критерийлерин иштеп чыгууну талап кылат. Ошентип эгерде кошумча негиздер зарыл болсо, өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу үчүн конкреттүү негиздерин иштеп чыгуу сунушталат.
  1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбооруна ылайык, мыйзам долбоордун авторлору “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамдын 22-беренесин 7-бөлүк менен толуктоону сунушташат. Ал башка мамлекеттин жарандыгы болгон учурда Кыргызстандын жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгүн чектейт. Бул сунуш колдоого алынарлык эмес. Себеби бул норма Кыргызстандын мыйзамдарына карама-каршы келген кырдаалда аны колдонуу учурларынын так критерийлерин камтыбайт жана жарандыкка кабыл алуу тууралуу арыздын чет өлкөлүк мамлекеттин мыйзамдарына шайкештигин текшерүүнү талап кылат, бул болсо мүмкүн эмес. Мындан тышкары бул норма иш жүзүндө жарандыкка кабыл алуудан баш тартуу үчүн кошумча негиз болуп калууда жана Мыйзамдын 22-беренесине эмес,  16-беренесине киргизилиш керек.
  1. “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамдын 22-беренесинин мазмунун төмөнкүлөргө байланыштуу жалпысынан кайрадан карап чыгуу сунушталат:

·         “башка жарандык” жана “кош жарандык” түшүнктөрүнүн анык эместигине байланыштуу;

·         1-бөлүктө айтылбаган учурларда Кыргызстандын жаранынын башка жарандыкты алганын натыйжасына карата 1-бөлүктүн анык эместигине байланыштуу;

·         2-бөлүктө айтылган жарандар тобуна карата кош жарандыкты “тааныбоонун” натыйжасына тиешелүү 2-бөлүктүн анык эместигине байланыштуу;

·         кош жарандыкты “токтотуу”, “калыбына келтирүү”, “андан чыгуу”, “жокко чыгаруу” түшүнүктөрүнүн анык эместигине байланыштуу (4, 6-бөлүктөр).

11)  «Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Мыйзамдын 29-беренесинин 4-пунктуна ылайык, калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган адамдарга жарандуулук маселелери боюнча материалдарды даярдайт. Кыргызстандын аймагында убактылуу жашаган адамдардын кырдаалы ачык эместигине байланыштуу 29-берененин 4-пунктунан “туруктуу” деген сөздү алып салуу сунушталат.

12)  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбооруна ылайык, мыйзам долбоордун авторлору “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Мыйзамдын 32-беренесин 5-бөлүк менен толуктоону сунушташууда. Ага ылайык, жарандыкка кабыл алуу тууралуу арыз берген учурда этникалык кыргыздар фамилиясында, ысымында жана атасынын ысымында тамганы угулуш жагынан жакын тамгаларга алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул норма дагы иштелип чыгууга муктаждай көрүнүүдө. Анткени ысымдарга өзгөртүү киргизүү жарандын туулганын каттаган орган менен координацияда жүзөгө ашырылат. Мындан тышкары мындай укук арыз берүүчү башка категорияларга да берилиш керек.

13)  Кыргыз Республикасынын «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесинен баланы Кыргызстандын жараны деп таануу тууралуу ата-эненин макулдугун алуу (эгерде ата-энесинин жарандыгы ар башка болсо) зарылчылыгын алып салуу сунушталат.

14)  Мыйзамдын 14-беренесинде Кыргыз Республикасынын аймагында төрөлгөн балдардын баары ата-энесинин жарандыгына жана Кыргызстанда жашаган себебине карабастан туулгандыгын мамлекеттик каттоого жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктү бекер алууга укугу бар болгонун так көрсөтүү сунушталат.

Өнөктөштөр