Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 24/12/2018

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 22-октябры № 492

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн архив иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Архивдик мекемелердин структурасын жана штаттык санын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

23-пунктундагы "1230" жана "1140" деген цифралар тиешелүү түрдө "1267" жана "1177" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:

23-пунктундагы "551" жана "531" деген цифралар тиешелүү түрдө "566" жана "546" деген цифралар менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат бөлүмүнө, финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

Өнөктөштөр