Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 26/12/2018

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 592-токтому

Транспорт каражаттарын каттоо жана
айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери
боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, транспорт каражаттарын каттоону тартипке келтирүү, улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө коррупциялык элементтерди жоюу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:

- 7-пунктунун биринчи абзацындагы «беш» деген сөз «он» деген сөз менен алмаштырылсын;

- 22-пунктунда:

үчүнчү жана алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

жетинчи абзацы «күбөлөндүргөн көчүрмөлөрү» деген сөздөрдөн кийин «(юридикалык жактар үчүн)» деген сөздөр менен толукталсын;

- 24-пунктунда:

үчүнчү жана жетинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;

сегизинчи абзацы «күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн» деген сөздөрдөн кийин «(юридикалык жактар үчүн)» деген сөздөр менен толукталсын;

- 3-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 461-пункт менен толукталсын:

«461. Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган бузуулар үчүн транспорт каражатынын ээсинин туум жана айып боюнча карыздары жөнүндөгү маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык системасында болгондо, транспорт каражатынын ээси транспорт каражатын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоонун алдында бузуулар үчүн туум жана айып төлөөсү зарыл.».

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын
18-декабрындагы № 819 «Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:

- 12-пунктунда:

бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«- берилүүчү датасы 6 айдан ашпоого тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өтүүнү тастыктаган документ;»;

төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

«Ыйгарым укуктуу органдын кызматкери берилген документтердин түп нускасынан ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө сактоо үчүн кагазга түшүрүлгөн көчүрмөлөрүн чыгарат же автоматташтырылган маалыматтык системасында электрондук көчүрмөсү сканерленет.»;

- 20-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«20. Теориялык сынакты тапшырбаган талапкер практикалык сынакка киргизилбейт. Теориялык же практикалык сынакты кайрадан тапшыруу мурдагы сынак өткөрүлгөн күндөн тартып 10 күндөн эрте эмес дайындалат. Үч жолку аракеттен тапшырылган сынактардан терс жыйынтыктар чыккан учурда, талапкер айдоочулук курамды даярдоо боюнча окуу уюмдарында окутуунун кайталанма курсунан өтөт, анын мөөнөтү бир айдан кем болбошу зарыл жана сынак комиссиясына окуудан кайра өткөндүгү жөнүндө тиешелүү документтерди тапшырат. Сунушталган документтер мөөнөтсүз сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системага жайгаштыруу үчүн сканерленет.

Жекече теориялык сынактарды өткөрүүгө жол берилбейт. Окуудан өткөндөрдүн 70 пайызынан ашыгын түзгөн топ квалификациялык сынактарга киргизилет.»;

- 25-пунктундагы «3 жыл сакталат» деген сөздөр «10 жыл бою сакталат же автоматташтырылган маалыматтык системасында мөөнөтсүз сактоо үчүн сканерленет» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 38-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө сактоо үчүн берилген документтердин түп нускасынан кагазга түшүрүлгөн көчүрмөлөрү чыгарылат же автоматташтырылган маалыматтык системасында электрондук көчүрмөлөрү сканерленет.»;

- 43-пунктунда:

4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4) берилүүчү датасы 6 айдан ашпоого тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өтүүнү тастыктаган документти;»;

- төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

«Ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө сактоо үчүн берилген документтердин түп нускасынан кагазга түшүрүлгөн көчүрмөлөрү чыгарылат же автоматташтырылган маалыматтык системасында электрондук көчүрмөлөрү сканерленет.»;

- 5-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 481-пункт менен толукталсын:

«481. Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциясы бар, автоматтык режимде иштеген сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттарды колдонуу менен фиксацияланган бузуулар үчүн арыз ээсинин туум жана айып боюнча карыздары жөнүндөгү маалыматтар автоматташтырылган маалыматтык системасында болгондо, арыз ээси айдоочулук күбөлүктү алмаштыруунун алдында бузуулар үчүн туум жана айып төлөөсү зарыл.»;

- 7, 8, 9 жана 10-главалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«7. Чет өлкөлүк айдоочулук күбөлүктөрдү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштыруу

 

53. Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу келген Вена конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн жарандары чет мамлекетте берилген жана жогоруда аталган Конвенциянын талаптарына шайкеш келген улуттук айдоочулук күбөлүгү болгондо автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугуна ээ болушат.

54. Чет өлкөлүк адамдын улуттук айдоочулук күбөлүгү жогоруда аталган Конвенциянын талаптарына шайкеш келбеген учурда, ал улуттук айдоочулук күбөлүгүнө кошумча түрдө эл аралык айдоочулук күбөлүктү ала жүрүшү керек.

55. Вена конвенциясына катышкан өлкөлөрдүн жарандары чет мамлекеттердин улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырууга укуктуу.

56. Чет мамлекеттердин улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштыруу үчүн төмөнкү документтер берилет:

1) архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арызды;

2) барган орду боюнча каттоосу жана мөөнөтү алты айдан кем эмес визасы же жашап туруу укугу болсо ким экендигин күбөлөндүргөн документин;

3) берилүүчү датасы 6 айдан ашпоого тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өтүүнү тастыктаган документти;

4) чет өлкөнүн улуттук айдоочулук күбөлүгүн жана чет мамлекеттен берилген айдоочулук күбөлүктүн нотариуста күбөлөндүрүлгөн котормосун;

5) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны (төлөм тапшырмасын).

Зарыл документтерди бергенден кийин чет өлкөлүк жарандар квалификациялык сынак тапшырышат.

57. Чет өлкөлүк жарандан квалификациялык сынак кабыл алуу ушул Эрежелерде каралган жалпы негиздерде жүргүзүлөт.

58. Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу келген жана чет өлкөлөрдүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрү жок адамдарга Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн берүү ушул Эрежелерде каралган жалпы негизде жүргүзүлөт.

59. Чет өлкөнүн улуттук айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу эгер Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкалар каралбаса, ушул Эрежелерде каралган квалификациялык сынакты өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

60. Вена конвенциясынын катышуучусу болбогон өлкөлөрдүн жарандары квалификациялык сынактарды тапшыргандан кийин жана ушул Эрежелердин 56-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди бергенден кийин өздөрүнүн улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырууга укуктуу.

61. Айдоочулук күбөлүктү алмаштырууда чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүгүндө камтылган тиешелүү белгилер жана жазуулар Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө көчүрүлөт.

 

8. Айдоочулук күбөлүктөрдү кайтарып берүү

 

62. Автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылган адамдардын айдоочулук күбөлүктөрү соттун актысына ылайык сактоо үчүн ким экендигин күбөлөндүргөн документте көрсөтүлгөн ээсинин жашаган орду боюнча ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө жиберилет жана автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратылган адамдарды каттоо журналына катталат.

63. Соттун актысы менен администрациялык жаза же автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан убактылуу ажыратуу түрүндөгү жазык жазасын алган адамга айдоочулук күбөлүгүн кайтарып берүү же берүү ажыратуу мөөнөтү аяктагандан кийин жана квалификациялык сынактарды тапшыргандан кийин жүргүзүлөт.

64. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн айдоочулук күбөлүгүнөн ажыраган адамдар ажыратуу мөөнөтү аяктагандан кийин айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн төмөнкүлөрдү беришет:

- архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатында мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча арызды;

- 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карт) же идентификациялык карта – 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карт);

- чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн – барган орду боюнча каттоосу жана мөөнөтү алты айдан кем эмес визасы же жашап туруу укугу, качкындын күбөлүгү болсо ким экендигин күбөлөндүргөн документи;

- берилүүчү датасы 6 айдан ашпоого тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аныктай турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик медициналык мекеме тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен форма боюнча берилген медициналык күбөлөндүрүүдөн (наркологиялык текшерүү, психикалык саламаттыгын аныктоо, көрүүсүн текшерүү) өтүүнү тастыктаган документти;

- айдоочулук курамды даярдоочу окутуучу уюмдар тарабынан берилген автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо боюнча курстарда окугандыгы тууралуу күбөлүктү;

- айдоочулук курамды даярдоочу окутуучу уюмдар тарабынан берилген айдоочунун өздүк карточкасын;

- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, белгиленген жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны (төлөм тапшырмасы).

Ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө сактоо үчүн берилген документтердин түп нускасынан кагазга түшүрүлгөн көчүрмөлөрү чыгарылат же автоматташтырылган маалыматтык системасында электрондук көчүрмөлөрү сканерленет.

 

9. Талап кылынбаган айдоочулук күбөлүктөрдү жок кылуу тартиби

 

65. Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрү төмөнкү учурларда жок кылынат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында автомототранспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу мөөнөтү аяктагандан кийинки эки жылдын ичинде талап кылынбаган;

2) даярдалгандан кийинки бир жылдын ичинде талап кылынбаган;

3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары келип түшкөндөн кийинки бир жылдын ичинде талап кылынбаган;

4) мамлекеттик органдардан жана жарандардан келип түшкөндөн кийинки бир жылдын ичинде талап кылынбаган, жоголгон жана ыйгарым укуктуу органдын бөлүмүнө жеткирилип берилген.

Талап кылынбаган айдоочулук күбөлүктөрдү жок кылуу тартибин архив иши, калкты жана автотранспорт каражаттарын, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттин саясатын жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.

66. Берилген Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн ордуна чет өлкөлүк жарандар тапшырган башка мамлекеттердин эл аралык жана улуттук айдоочулук күбөлүктөрү ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө сакталат жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгып жаткан ээлерине алардын талабы боюнча кайтарып берилет.

Бул учурда Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрү алынат жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө негиз болгон документтерге көктөлүп, белгиленген тартипте жок кылынат.

 

10. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу үчүн негиз болгон документтерди сактоо тартиби жана мөөнөтү

 

67. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу үчүн негиз болуп саналган документтер (арыздар, эски айдоочулук күбөлүктөр, жыйымдарды төлөгөндүгү жөнүндө квитанция, медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү жөнүндө документтер, окугандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү, айдоочулардын өздүк карточкаларынын көчүрмөлөрү жана ким экендигин ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү) он жыл бою сакталат же мөөнөтсүз сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системада сканерленет.

Сынак комиссиясынын протоколдору 10 жыл сакталат.

Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү реестри 60 жыл сакталат.

Документтер ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө жана бөтөн адамдардын аларга жетүүсү жокко чыгарылган орундарда сакталат.

68. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү учурунда бардык маалым даректер толтурулгандан кийин айдоочулардын өздүк карточкалары, окугандыгы тууралуу күбөлүктөр ээсине кайтарып берилет. Медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүнү тастыктаган документтин түп нускасы ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө калат жана айдоочулук күбөлүктү берүү жана алмаштыруу үчүн негиз болуп саналган документтерге тиркелет же сактоо үчүн автоматташтырылган маалыматтык системасында сканерленет.

69. Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга берилген чет мамлекеттердин улуттук айдоочулук күбөлүктөрү Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнө алмаштырууда Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулук күбөлүгүн берүүгө негиз болгон документтер менен бирге сакталат.

70. Ыйгарым укуктуу органдын бөлүмдөрүндө сакталып турган башка мамлекеттердин улуттук айдоочулук күбөлүктөрү он жыл өткөндөн кийин ээлери талап кылбаган учурда ошол мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарына же алардын Кыргыз Республикасын аймагындагы дипломаттык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аркылуу жиберилет.».

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюча жарандарга маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

 

Премьер-министр                                                             М.Д.Абылгазиев

Өнөктөштөр