Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 10/10/2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 28-августу № 542

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине айрым мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жөнүндө жободо:

- 7-пунктунун "а)" пунктчасынын үчүнчү абзацы "электрондук санариптик кол тамга" деген сөздөрдөн кийин "жана почта байланышы" деген сөздөр менен толукталсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башкаруу схемасындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы" позициясы алып салынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-сентябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын уставынбекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө";

токтомдун бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2 жана 4-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын уставында:

- Уставдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын уставы";

Уставдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 6-пунктунда:

экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төртүнчү абзацындагы "Ministry of Transport and Communications of Kyrgyz Republic" деген сөздөр "State registration service under the Government of the Kyrgyz Republic" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 12-пункту төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"- филиалдардын базасында калкты тейлөө борборлорунун ишин уюштуруу;";

- 14-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- филиалдардын базасында калкты тейлөө борборлорунун үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо;";

- 17-пунктунда "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 22-пунктунда:

биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин сунушу боюнча" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын сунушу боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Ишкананын башкы директору жүктөлгөн иш милдеттерин тийиштүү аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат жана ушул Устав менен эмгек келишиминин негизинде иш алып барат.";

- 24-пунктундагы "эки" деген сөз "үч" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 25-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри" деген сөздөр "Ишкананын директору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 32 жана 35-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын Уставынын тиркемесинде:

- "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктундагы "Чүй почта филиалы" деген сөздөр "Аламүдүн райондук филиалы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 14-пунктундагы "Ош почта филиалы" деген сөздөр "Ош почтамты" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 27-пунктундагы "Жалал-Абад почта филиалы" деген сөздөр "Жалал-Абад шаардык филиалы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 38-пунктундагы "Балыкчы почта филиалы" деген сөздөр "Балыкчы шаардык филиалы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманыбекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:

- 2-пунктунун он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"калкты тейлөө борбору (мындан ары - КТБ) - 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту алууга документтерди кабыл алууну жана аларды берүүнү, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү башка кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган мамлекеттик ишканалардын аймактык бөлүнүштөрү;";

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Документтерди тариздөө, текшерүү, 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту даярдоого анкета-арызды жиберүү аймактык бөлүнүштөр тарабынан жүзөгө ашырылат, даярдалган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту берүү аймактык бөлүнүштөр жана/же КТБ тарабынан жүзөгө ашырылат.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-пункту менен толукталсын:

"4-1. Арыз берүүчү 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту жана жалпы жарандык паспортту арыз берүүчү көрсөткөн дарек боюнча почта байланышынын кызмат көрсөтүүсү аркылуу алууга укуктуу. Почта байланышы менен жеткирип берүүнүн географиясы, шарттары, тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.";

- 10-пунктундагы "атайын байланыш" деген сөздөр "атайын/почта байланышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 "Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жобонубекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежеси жөнүндө жободо:

- 5-пунктундагы "кызмат адамдары" деген сөздөр "кызматкерлери" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 16-пунктунун 2-абзацындагы "кызмат адамдары" деген сөздөр алып салынсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2015-2017-жылдарга мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасын чыгарууну белгиленген тартипте демилгелесин.

8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков

 

Өнөктөштөр