Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 10/10/2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 28-сентябры № 618

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Атайын жабык эсеби жөнүндө жобону жана атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-мартындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Атайын жабык эсеби жөнүндө жобону жана атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тууралуу жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тууралуу жободо:

- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын атайын эсебинин (мындан ары - атайын эсеп) каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (мындан ары - Кызмат), анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн, ишканаларынын тийиштүү материалдык-техникалык базасын түзүү, алардын иштеши үчүн зарыл шарттарды камсыздоо, ошондой эле Кызматтын кызматкерлерин социалдык коргоо жана кепилдик берүү максатында калыптандырылат.";

- 2-пунктунун экинчи абзацы "Кызматтын" деген сөздөн кийин ", ошондой эле анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана ишканаларынын" деген сөздөр менен толукталсын;

- 6-пунктунда:

биринчи абзац "ведомстволук бөлүмдөрүнүн атайын эсептерине" деген сөздөрдөн кийин "жана ишканаларынын эсептерине" деген сөздөр менен толукталсын;

төмөнкүдөй мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын:

"- Кызматтын ведомстволук бөлүмдөрүнө жана ишканаларына кийин кайтарып берүү менен финансылык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле алардын ишин жакшыртууга багытталган башка иш-чараларга.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков

 

Өнөктөштөр