Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 10/07/2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 4-январы № 3

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын жекелештирилген документтерин сатып алуу жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы "тендердик" деген сөз "конкурстук" деген сөз менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтерди даярдоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүүнүн тартибинде:

2-главасында:

6-пунктундагы "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн сатып алынган мамлекеттик маанидеги документтерден тышкары" деген сөздөр алып салынсын;

бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү жана сандагы "тендер", "тендердик" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө жана санда "конкурс", "конкурстук" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С. Жээнбеков

Өнөктөштөр