Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 10/07/2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 1-февралы № 54

Жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө

Архив ишин өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана архив мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана  17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу Бишкек жана Ош шаардык мамлекеттик архивдери 2017-жылдын 1-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 7-февралында № 15-16 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Жээнбеков

Өнөктөштөр