Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 03/07/2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23- июнундагы № 407 «Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Ченемдик укуктук актыдагы карама-каршылыктарды четтетүү, ошондой эле транспорт каражаттарын кайра каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:

- мамлекеттик тилдеги тексттин 22-пунктунун он сегизинчи абзацында “кыймылсыз” деген сөз “кыймылдуу” деген сөз менен алмаштырылсын;

- мамлекеттик тилдеги тексттин 24-пунктунун он экинчи           абзацында “кыймылсыз” деген сөз “кыймылдуу” деген сөз менен алмаштырылсын;

- 68-пунктуун үчүнчү абзацындагы “1” цифрасы “0.3”цифралары менен алмаштырылсын;

- 69-пунктунун биринчи абзацындагы “1” цифрасы “0.3”цифралары менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын      3-июлунан тартып күчүнө кирет.

 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр                                                           М.Д. Абылгазиев

Өнөктөштөр