Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 21/09/2018

Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө коррупциялык элементтерди жокко чыгаруу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 “Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо эрежелеринде:

- 22-пунктунун он сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- 24-пункту:

 төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

“- жүргүзүлгөн төлөм жөнүндө банктын көчүрмөсү менен квитанцияны, төлөм тапшырмасын, же кыймылдуу мүлккө салыктын төлөнгөнүн ырастоочу башка документти;”;

он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

“11. 2016-жылдын 1-январына чейин окутуудан өткөн жана 2018-жылдын 1-октябрына чейин айдоочулук күбөлүктү алуу боюнча сынак тапшыруу үчүн келбеген адамдар окутулганы жөнүндө күбөлүктү көрсөтүү менен кайра окутуудан өтүүгө тийиш экендиги белгиленсин.”;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Квалификациялык сынактарды кабыл алуу жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү эрежелеринде:

- 7-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Окутулганы жөнүндө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү алты ай. Окутулганы жөнүндө күбөлүктү алган адамдар алты айдын ичинде айдоочулук күбөлүктү алуу боюнча квалификациялык сынактарды тапшыруу үчүн ыйгарым укуктуу органга келүүгө милдеттүү. Мөөнөтүн өткөрүп жиберген учурда аталган адамдар кайра окутуу курсунан өтүүгө жана окутулганы жөнүндө күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.”;

- 15-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Мында талапкер архив иши, калкты жана автотранспорттук каражаттарды, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттин саясатын жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте бетинин графикалык сүрөтү боюнча идентификациялоодон өтөт.”;

- 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи – төртүнчү абзацтар менен толукталсын:

“Теориялык суроолор архив иши, калкты жана автотранспорттук каражаттарды, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттин саясатын жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн жумушчу топ тарабынан түзүлөт.

Жумушчу топтун курамына жол коопсуздугун камсыз кылуу, билим берүү, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү  уюмдарынын өкүлдөрү кирет.

Теориялык суроолордун тизмеги архив иши, калкты жана автотранспорттук каражаттарды, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулук курамды, жарандык абалдын актыларын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатындагы мамлекеттин саясатын жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.”;

- 29-пунктунун 2-пунктчасындагы “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 34-беренесинде каралган учурларда” деген сөздөр алып салынсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                                  М.Д.Абылгазиев

Өнөктөштөр