Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 06/11/2018

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 9-октябры № 467

Жарандарды Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору менен документтештирүү жана жеке идентификациялык номерди ыйгаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманыбекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы - паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу, тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:

- 2-пунктунун он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"электрондук кол тамга (мындан ары - ЭК) - электрондук формадагы маалымат, ал электрондук формадагы башка маалыматка туташтырылган жана (же) аны менен логикалык байланышта болот жана маалыматка кол койгон адамды аныктоо үчүн колдонулат";

- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1 жана 3-2-пункттар менен толукталсын:

"3-1. Жарандын арызы боюнча 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө документтерди ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүнүшүнүн жана/же КТБнын кызматкерлери арыз ээсинин жашаган жерине барып акы төлөнүүчү негизде жана ушул Нускаманын 3-2-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда акысыз негизде кабыл алышы мүмкүн.

3-2. Барып келүүгө байланыштуу транспорттук чыгымдар төмөнкүдөй категориядагы адамдар кайрылган учурларда даярдоочу ишкананын каражаттарынын эсебинен жумшалат:

1) Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери;

2) карылар үчүн интернат үйлөрүндө жашаган адамдар;

3) I топтогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар;

4) жетим балдар, интернат мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү жана ата-энеси бакпаган балдар;

5) жазык-аткаруу системасынын түзөтүүчү мекемелеринде жаза өтөп жаткандар ошол мекемелердин администрацияларынын өтүнүчүнүн негизинде;

6) айыпталуучу жана шектүү катары камакка алуу жайларында отурган адамдар, кылмыш иштери өндүрүшүндө болгон органдын өтүнүчүнүн негизинде.

Ушул пункттун 5 жана 6-пунктчаларында аталган адамдарга 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөөгө, даярдоого жана берүүгө документтерди кабыл алууда аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБнын кызматкерлеринин коопсуздугу жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин жана камакка алуу жайларынын жетекчилери тарабынан камсыздалат.";

- 13-пунктта:

- 1-пунктчасынын экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо;

арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси болбогон учурда) паспорттору же жалпы жарандык паспорту (болсо) - КБМРде маалымат болбогондо;";

- 2-пунктчасынын экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо;

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 10-августундагы № 174 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандык маселелерин кароо тартиби жөнүндө жобого ылайык арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыгы тууралуу корутунду же жалпы жарандык паспорту (болсо);";

- "б"-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;";

- 7-пунктчасынын экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- арыз ээсинин жоголгон паспортунун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызы, анда кайсыл жерде, качан жана кандай жагдайлардан улам паспорттун жоголгондугу көрсөтүлөт;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;";

- 9-пунктчасынын төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) - КБМРде маалымат болбогондо;";

- 10-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалыматтар болбогондо;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-пунктчалар менен толукталсын:

"11) жарандар жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жатканда:

- түзөтүүчү мекеменин администрациясынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө өтүнүчү;

- жарандардын документтештирүүсүн талап кылган учурларга жараша ушул нускаманын 2-9-пунктчаларында аталган документтер;

12) жарандар шектүү, айыпталуучу катарында камакка алынган жайларда болгондо:

- жарандардын кылмыш иштери өндүрүшүндө турган органдын өтүнүчү;

- жарандардын документтештирүүсүн талап кылган учурларга жараша ушул нускаманын 2-9-пунктчаларында аталган документтер.";

- 14-пунктта:

үчүнчү абзацындагы "2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту" деген сөздөр "жалпы жарандык паспортту" деген сөздөргө алмаштырылсын;

1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1) 16 жашка толо элек адам үчүн:

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРда маалымат болбогондо;

- 16 жашка толо элек адамдын ата-энеси же ата-энесинин бири (же ата-энеси жалгыз болсо, ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири өлгөндүгү тууралуу күбөлүк болгондо, ата-энесинин бири эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жатканда, ата-энесинин бирин дайынсыз жоголду деп, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири издөөдө болгондо) же башка мыйзамдуу өкүлү толтурган жана кол койгон арыз, арызда жалпы жарандык паспортту алуунун себеби көрсөтүлөт;

- 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (ушул пунктчанын үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн учурларда, көрсөтүлгөн учурларды ырастоочу документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору.

Эгер арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет;

16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн арызы болбогон учурда, Кыргыз Республикасынан сырткары өз алдынча чыгышы зарыл болгон учурда, 16 жашка толо элек жаран үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө соттун чечими боюнча уруксат берилиши мүмкүн;";

- 2-пунктчасынын экинчи абзацы "туулгандыгы тууралуу күбөлүк" деген сөздөрдөн кийин "же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө" деген сөздөр менен толукталсын";

- "б"-пунктчанын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо же мурда берилген 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна № 1 форма болбогон учурда;";

- 16-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- жаранды КБМРде идентификациялык жеке номеринин (мындан ары - ИЖН) негизинде идентификациялоо, анын ичинде анын аты-жөнү шайкеш келишин текшерүү, каттоодогу эсепке алынышын текшерүү, издөө/күзөт картасынын болушун жана КБМРдеги биометрикалык маалыматтарынын болушун текшерүү;";

- төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын:

"16-1. Арыз ээсинде ИЖН болбогондо жана/же эки же андан ашык ИЖН болгон учурда аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБнын кызматкерлери ИЖНди ыйгарууга жана/же өзгөртүүгө арыздарды кабыл алышат. Аймактык бөлүнүштүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык ИЖНди ыйгарат жана/же өзгөртөт.

Арыз ээсине ИЖН ыйгарылгандан жана/же өзгөртүлгөндөн кийин аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБнын кызматкерлери тарабынан жалпы жарандык паспортту жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөөгө жана даярдоого документтерди кабыл алышат.";

- 18-пункттагы:

"ЭСК" аббревиатурасы "ЭК" аббревиатурасы менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"ЭКны колдонуу электрондук документтин аныктыгын, анын кимге таандыгын жана анкета-арыздын мазмунунун өзгөрбөстүгүн ырастайт.";

- 24-пунктунун биринчи абзацы "аймактык бөлүнүштүн" деген сөздөрдөн кийин "жана/же КТБнын" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 24-1-пункт менен толукталсын:

"24-1. 2017-жылдын үлгүсүндөгү даярдалган паспортту жана/же жалпы жарандык паспортту арыз ээси көрсөткөн дарек боюнча жеткирүү учурунда жана аны арыз ээсине бергенге чейин, жеткирүүгө жооптуу адам арыз ээсин идентификациялайт. Арыз ээсин идентификациялоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

- паспортту алмаштырганда - арыз ээсинин фотосүрөтүн эски паспортунун үлгүсү менен салыштыруу аркылуу;

- 16 жашка толгондо же паспорт жоголгондо/жараксыз болгондо - 2017-жылдын үлгүсүндөгү даярдалган паспорттун жана/же жалпы жарандык паспорттун фотосүрөттөрүн салыштыруу аркылуу. Арыз ээси даярдалган паспорттун фотосүрөтү менен дал келбеген учурда, жалпы жарандык паспорт жана/же 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт арыз ээсине берилбейт. Кийин 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жана/же жалпы жарандык паспорт ыйгарым укуктук органдын почталык байланыш бөлүмдөрүндө арыз ээсине 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт жана/же жалпы жарандык паспорт кимдин атына даярдалган болсо, ошол адамга берилет.";

- 25-пункту бардык тексти боюнча "аймактык бөлүнүштө" деген сөздөрдөн кийин "жана/же КТБда" деген сөздөр менен толукталсын;

- 26-пунктундагы "аймактык бөлүнүштөр" деген сөздөрдөн кийин "жана/же КТБ тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;

- 40-пунктта:

экинчи жана үчүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- паспорттун маалыматтарын машина менен окула турган зонадан аймактык бөлүнүштүн тиешелүү электрондук журналына же чет өлкөдөгү мекеменин кагаз журналына киргизүү менен 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жана жалпы жарандык паспортту кагаз тешкич менен тешүү;

- 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун 1-бетинен номерди кесип алуу, 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун калган беттери кагаз тешкич менен тешилет, мында паспорттун кесип алынган номери аймактык бөлүнүштүн тиешелүү журналына же чет өлкөдөгү мекеменин кагаз журналына чапталат.";

төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"Жараксыз абалга келген паспорттор ыйгарым укуктуу органдын, ведомстволук бөлүнүштүн кызматкерлеринен турган комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусунда жок кылынат, ал эми 1974 жана 1994-жылдардын үлгүсүндөгү паспорттор улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин катышуусунда жок кылынат.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 619 "Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибинде:

- 2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшүнүн аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) - идентификациялык жеке номерди ыйгаруучу жана өзгөртүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүнүшүнүн аймактык бөлүмдөрү;";

- 4-пунктундагы "ЖААК органдарынын бардык аймактык бөлүмдөрүндө" деген сөздөр жана аббревиатура "аймактык бөлүмдөрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 21-пунктундагы "ЖААК органдарынын каалаган аймактык бөлүмдөрүндө" деген сөздөр жана аббревиатура "каалаган аймактык бөлүмдөрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 31-пунктундагы "ЖААК органдары" деген сөз жана аббревиатура "Аймактык бөлүмдөр" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- Тартиптин жана анын тиркемелеринин бардык текстинде ар кайсы жөндөмөдөгү жана сандагы "ЖААК органдары" деген сөз жана аббревиатура тийиштүү жөндөмөдөгү жана сандагы "аймактык бөлүмдөрү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- Тартиптин 2-тиркемесинин 13-пунктундагы "ЖААКБ" деген аббревиатура "аймактык бөлүмү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) алуу үчүн көрсөтүлүүчү документтердин тизмесин шайкеш келтирүү жана жарандарды жерине барып документтештирүү жол-жобосун бекитүү максатында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте үч айдын ичинде "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

М. Абылгазиев

 

Өнөктөштөр