Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

Электрондук идентификациялык карта – КР жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (мындан ары – идентификациялык карта) анда ээсинин жеке жана биометрикалык маалыматтары жана кошумча түрдө электрондук санариптик колдун ачкычтары жазылган чипти (микросхеманы) камтып турат.

Идентификациялык картанын чибинде жазылган ЭСК, андан ары ар түрдүү мүнөздөгү электрондук кызматтарды (мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардан жана мекемелерден, банк, коммерциялык, билим берүүчү, медициналык кызматтардан ж.б.у.с.) алуу үчүн веб-порталга карата жеткиликтүүлүккө ээ болууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, өз корреспонденттерине же уюмдарына өздүк ЭСК менен кол коюлган документтерди жөнөтүүгө мүмкүн болот (арыздар, келишимдер, суроо-талаптар, файлдар ж.б.у.с).

Идентификациялык картаны алууга карата документтерди тариздетүү учурунда Сизге ««Инфоком» МИнин күбөлөндүрүүчү борборунун Регламентине туташуу жөнүндө Макулдашууга» кол коюу жана Анкета-арызда чиптеги электрондук санариптик колдун ачкычтарын каттоо үчүн идентификациялык картаны алууга карата макулдук жөнүндө тиешелүү белгини жасоо зарыл болот.

«Инфоком» МИнин КБсынын Регламентинин толук тексти менен www.infocom.kg сайтынан таанышууга болот.

Күбөлөндүрүүчү борбордун Колдонуучусу катары Сиз төмөнкүлөргө милдеттүүсүз:

  • ЭСКнын жеке жабык  ачкычын, анын жоголуп кетүүсүн жана ачыкка чыгып калышынын алдын алуу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды кабыл алуу менен купуя сактоо;
  • ЭСКнын жеке жабык ачкычын кол коюу максаттары үчүн гана колдонуу;
  • жеке жабык ачкычты жоготуп алган же ачылып калган учурда колдун ачкычынын сертификатын жокко чыгарууга (кайра чакырып алууга) карата, ошондой эле анын компрометациялангандыгына шектенүү учурунда арыз менен «Инфоком» МИнин КБсына токтоосуз кайрылуу;
  • ачкычты жокко чыгарууга (кайра чакырып алууга) же аракетин токтотууга карата арыз берилген учурдан тартып колдун ачкычынын аракети жаңыртылгандыгы тууралуу расмий билдирүү учуруна чейин жеке жабык ачкычты колдонбоого.

КБ Колдонуучусунун колунун ачкычынын сертификатына төмөнкү жеке маалыматтар киргизилишет:

  • фамилиясы, аты, атасынын аты;
  • персоналдык идентификациялык номери (ПИН).

КБ Колдонуучусунун жабык ачкычынын аракетте болуу мөөнөтү үч жылды түзөт жана колдун ачкычынын тиешелүү сертификатынын аракеттенүүсү башталган күндөн жана убакыттан тартып эсептелет.

Инфраструктура открытых ключей Государственного предприятия "Инфоком" при ГРС при ПКР (далее – ИОК «ГП "Инфоком"») предназначена для управления сертификатами открытых ключей пользователей. Деятельность ИОК «ГП "Инфоком"» осуществляется в соответствии с Регламентом ИОК «ГП "Инфоком"». ИОК «ГП "Инфоком"» формирует сертификаты открытых ключей в соответствии с форматом X.509 Public Key Infrastructure с использованием алгоритмов хэширования ГОСТ 34.311-95, электронной цифровой подписи ГОСТ 34.310-2004, а также алгоритма хеширования SHA-1,2 и электронной цифровой подписи RSA, реализованных в средстве криптографической защиты информации «ТУМАР-CSP». Сертификаты открытых ключей могут использоваться в соответствии с политиками, указанными в этих сертификатах.

Өнөктөштөр