Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

КР жаранын идентификациялык карта суроолордо жана жооптордо

Телевизордон айтышты, эми паспортту алуу үчүн эч кандай документтер талап кылынбайт деп, ушул туурабы?

Идентификациялык картаны жана ЖЖПны алууга карата документтерди тариздетүү үчүн милдеттүү шарт болуп ПИНинин жана «ДМБ» АМТсында арыз берүүчүнүн даректеринин каттоосунун бар болушу эсептелет. Ошондуктан,  так эместиктер болсо же КБМРде маалыматтар жок болсо, каттоо же КБМрдеги туура эмес маалыматтарды оңдоо жол-жобосунан өтүү талап кылынат, ал үчүн кошумча документтерди талап кылышы мүмкүн. Идентификациялык карта КР жарандарына берилет!

Мен мурда биометрикалык маалыматтарды тапшырганмын, мен биометрикалык маалыматтардан дагы бир жолу өтүшүм керекпи?

Жок, идентификациялык картаны тариздетүү учурунда биометрикалык маалыматтардын базасы боюнча салыштырууну жүргүзүү үчүн эки манжанын папиллярдык оюулары сканерленет.

Арыз берүүчүдө колдордун сөөмөйлөрүнүн манжалары (манжасы) жок болгон учурда колунда бар манжалардын тактары сканерленет. Биометрикалык маалыматтар базасында колдун манжаларынын тактары жок болгон учурда манжалардын тактарын топтоо Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.

ФААсын өзгөрткөн учурда, паспортту алмаштыруу керекпи?

Ооба. ФААсын өзгөрткөн учурда, каалагандай паспорт (1994/2004/2006/2017) алмаштырылууга тийиш болот.

2004-ж.ү. паспорт (ID-карт) жоголгон, бузулган учурда жана ФААсын өзгөрткөндө ж.б. паспортту алуу акы төлөө менен жүргүзүлөбү?

Идентификациялык картаны баасы кийинки шилтемеде: https://grs.gov.kg/kg/eid/price/

Жашаган жерин алмаштырган учурда, идентификациялык картаны алмаштыруу керекпи?

Жок, кереги жок. Жашаган жерин өзгөрткөн учурда тутумдагы маалыматтар, борбордук маалыматтар базасында автоматтык түрдө жаңыртылышат. 

Үй-бүлөлүк абалын өзгөрткөн учурда, жаңы паспортту алмаштыруу керекпи?

Үй-бүлөлүк абалын өзгөрткөн учурда идентификациялык картаны алмаштыруунун кереги жок (эгерде мында ФААсы өзгөртүлбөй турган болсо). Үй-бүлөлүк макамын, КТБга же ПВКИБга кайрылып чипте жаңыртуу зарыл болот. 

Паспортту шашылыш жасатууга карата билдирмелер кабыл алынабы?

Биометрикалык маалыматтар базада жок болгон учурда шашылыш тариздетүүгө карата арыздарды кабыл алууга жол берилбейт!

Жашы жете элек балага ЖЖП алган учурда, Паспорт АМТсында биометрикалык каттоо талап кылынабы?  

Жок, биометрикалык каттоо 16 жашка толгондугу боюнча идентификациялык картаны тариздетүү үчүн талап кылынат.

Мен улутумду көрсөткүм келбейт, ушул мүмкүн болобу?

Ооба, мүмкүн болот. Улуту (этноско тиешелүүлүгү), жашаган жери жана үй-бүлөлүк абалы сыяктуу эле чипке жазылат. Улуту идентификациялык картанын чибине Сиздин жеке каалооңуз боюнча жазылат (же жазылбайт).

eID кайсы курактан тартып берилет? 

16 жаштан тартып

eIDнин жарактуу мөөнөтү кандай?

10 жыл

Уюмда (банкта, маморганда) электрондук документтерди окуу үчүн жабдуулар жок болсо, ал эми каттоосу жөнүндө маалымат керек болсо кандай кылуу керек?

Кандай болсо дагы, идентификациялык картаны окугуч талап кылынат. 

Мисалы, окугуч катары NFC функциясы менен мобилдик түзүлүш колдонулган болушу мүмкүн. Ал үчүн Play Marketтен атайын тиркемени көчүрүп алып, NFC менен мобилдик түзүлүшүңүзгө орнотуу керек болот.

Атайын түзүлүштү орнотконго чейин ДМБга жашаган жерин тастыктоо тууралуу маалымкат алуу үчүн кайрылуу зарыл болот.

КазР жана РФке идентификациялык карта менен кайсы мезгилден тартып чыгууга мүмкүн болот?

2017-ж. июнунан тартып.

Идентификациялык картадагы фотосүрөт эмнеге ак-кара түстө?

Жаңы паспортто, паспортту жасалмалоодон коргоо үчүн атайын лазер менен чегип түшүрүү жолу менен фотосүрөт түшүрүлөт, мында түстүү (биометрикалык) фотосүрөт идентификациялык картанын чибине жазылат.

Аракеттеги ID-картаны идентификациялык картага милдеттүү түрдө алмаштыруу керекпи?

Жок, милдеттүү эмес, жарактуу мөөнөтү аяктаган, ФААсы, үй-бүлөлүк абалы өзгөргөн, жашаган жерин алмаштырган учурдан жана каалоосу менен болгон учурдан башка кездерде. 

Эмнеге паспортту акысыз берип жатышат?

Жарандарга ыңгайлуулуктарды түзүү жана жаңы корголгон документти берүү үчүн.

Кадимки тартипте идентификациялык картаны даярдоо мөөнөтү кандай?

12 жумуш күнү.

Шашылыш тартипте идентификациялык картаны даярдоо мөөнөтү кандай?

  • 8 жумуш күнү - «шашылыш» мөөнөттүүлүк даражасында: 
  • 4 жумуш күнү - «өзгөчө шашылыш» мөөнөттүүлүк даражасында:
  • 2 жумуш күнү - «абдан шашылыш» мөөнөттүүлүк даражасында;
  • 3 жумуш сааты - «үч жумуш сааты» мөөнөттүүлүк даражасында (Бишкек ш. боюнча гана).

Чиптеги менин маалыматтарыма ким кире алат?

Чиптеги маалыматтарга карата жеткиликтүүлүккө идентификациялык картанын ээсинин өзү ээ болот. Тиешелүү контактта окуй турган түзүлүштөр жана контактсыз ыкма (орнотулган тиркемеси менен түйүндүк телефон, контактсыз окугуч) бар болгон учурда, маалыматтардын белгилүү тобуна жеткиликтүүлүккө ээси тараптан окуу үчүн идентификациялык картаны берген учурда тиешелүү мамлекеттик органдар жана юридикалык жактар ээ болушат.

Чипте кандай маалыматтар жазылганын мен кантип карай аламын?

ЧИПтен маалыматтарды атайын түзүлүштөрдүн жардамы менен окууга мүмкүн болот: 

  • контакт ридер (окугуч аппарат); 
  • контактсыз ридер (мисалы, NFC функциясы менен смартфондун жардамы менен).

Картаны автикдештирүү деген эмнени билдирет жана ал эмне үчүн керек?

Картаны активдештирүү картанын жардамы менен операцияларды жүзөгө ашырууга карата чектөөлөрдү алып салуу үчүн зарыл болот. Картаны активдештирүү акысыз жүргүзүлөт. Карта активдештирилгенге чейин, аны колдонууга мүмкүн болбойт. 

Мен фотосалондон алынган өз сүрөтүмдү пайдалангым келет, мен сүрөткө түшпөй эле даяр сүрөттү алып келе аламбы?

Жок, арыз берүүчүнүн фотосүрөтүн алуу тике түрдө аймактык түзүлүштө же КТБда акысыз жүргүзүлөт, кагаз түрүндөгү жалпы жарандык паспортту алууга карата анкета-арыз тариздетүү учурунан башка учурларда, мында тиешелүү талаптарга жооп бере турган даяр фотосүрөттү берүү мүмкүн болот.

Мага менде эки ПИН бар экен деп айтышты, мен маалыматтарымды кантип оңдой аламын?

Сизге турган жеринен көз карандысыз ЖААК бөлүмүнө кайрылуу жана ПИНди оңдоо жөнүндө арыз калтыруу зарыл болот. Көйгөйлүү ПИНдер боюнча маселелерди чечүү комиссия тарабынан (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын тескемеси менен атайын түзүлөт) арыз берилген учурдан тартып 14 жумуш күнү ичинде каралат. Зарыл болгон учурда көйгөй ПИНдер боюнча маселени кароо жана чечим кабыл алуу 30 жумуш күнүнө чейин узартылган болушу ыктымал.

 

Өнөктөштөр