Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 03/04/2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 3-апрели № 197

Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) идентификациялык картасын киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- идентификациялык картанын - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун (ID-карта) үлгүсү, 2-тиркемеге ылайык.

2. Идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) киргизилгенине байланыштуу Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортун даярдоого документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 30-апрелинен тартып токтотулаары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылдын 1-майынан тартып идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) даярдоого документтерди кабыл алууну баштасын.

4. Идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) шашылыш даярдоо жана жоготуу же бузуу себептери боюнча кайрылуу учурларынан тышкары, идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) баштапкы тариздөө жана берүү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү (ID-карта) жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун алмаштыруу 2017-жылдын 1-майынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына чейин акысыз жүргүзүлөөрү белгиленсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасына идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) жекелештирүүгө жана даярдоого ыйгарым укуктар берилсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) берүүгө байланыштуу иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө көмөк көрсөтүшсүн.

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2017-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
С.Жээнбеков

 

Өнөктөштөр