Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

Государственный флаг Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу келтирилген үлгүгө ылайык тик бурчтуу кызыл кездемеден даярдалган, анын ортосунда тегиз чачыраган кырк нурлуу сары түстөгү тегерек күн алкагынын сүрөтү жайгаштырылган, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгү тартылган.

Элдин оймо-чийме маданиятында Күн – жарыкты, ачыктыкты, жашоого туруктуулукту билдирет. Анын от жалынына окшогон кырк нуру – бул бир эл катары бириктирилген кырк уруу.

«Түндүк» – сфера формасындагы конструкция, кыргыз боз үйүнүн төбөсүнө орнотулат жана жарык кирүүчү терезе болуп эсептелет. Түндүктүн тегерек алкагы кайчылаш бириктирилген чамгарактан турат. Түндүк асман менен жерди байланыштырат, үй кутунун символу катары кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунда күн менен айкаштырылган түндүк Кыргыз Республикасында – тоолуу өлкөдө ынтымактуу жашаган бардык элдердин биримдигин билдирет.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун туурасы анын узундугунун бештен үчүн түзөт. Нурлуу алкактын диаметри Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун туурасынын бештен үчүн түзөт. Күн менен нурлуу алкактын диаметринин катышы – бештен үчтү түзөт. Түндүктүн диаметри нурлуу алкактын диаметринин жарымын түзүп турат.

Көчүрүү:

Жогорку чечилиште (PNG)
Вектордо (EPS)

Государственный герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби төмөнкүдөй сүрөттөлүшү бар тартылган тегерек түрүндө болот:

  • ак кырбууланган көк түстөгү тегеректин ортосундагы канатын жайган ак шумкар,
  • көлдүн нары жагында жайгашкан Ала-Тоо кыркалары жана алтын нурун чачыратып чыгып келе жаткан күн,
  • тегеректин оң жана сол капталдарына жайгаштырылган пахта жана буудай сабактары,
  • тегеректин жогорку бөлүгүндө жайгаштырылган “КЫРГЫЗ” жана тегеректин төмөнкү бөлүгүнө жайгаштырылган “РЕСПУБЛИКАСЫ” аттуу жазуулар.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби символдордун шарттуу тили менен кыргыз элинин менталитети, табиятынын, маданиятынын жана чарбасынын өзгөчөлүктөрү чагылдырылган тегерек түрүндө болот.

Алдыңкы планда көк түстөгү тегеректин төмөнкү көпчүлүк бөлүгүндө канатын кенен жайган ак шумкардын астынан алынган сүрөтү түшүрүлгөн. “Ак шумкар” тазалыктын жана асыл ойдун символу катары уламыштарда жана элдик эпостордо айтылып келет. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербиндеги бул куштун сүрөттөлүшү кыргыздардын жашоо мүнөзүн, салттуу маданиятын билдирет жана анын артындагы мелмилдеп жаткан Ысык-Көл жана мөңгү баскан Ала-Тоо чокулары менен кыргыз жерин коргоону билдирет. Тегеректин түпкүрүндөгү тоонун артынан Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин жогорку бөлүгүн ээлеп, Кыргызстандын ыйык жерине алтын нурун чачкан күн чыгып келе жатат.

Борбордук сюжет керектүү маалымат берүүчү тилке түрүндөгү кооз кырбууланган алкакка алынган: жогорку жагында – “Кыргыз”, төмөнкү жагында – “Республикасы” деген сөздөр жайгаштырылган. Кырбуунун каптал жактары чанагынан ачылган пахтанын жана буудайдын – Кыргызстандын жеринде эгилген негизги өсүмдүктөрдүн стилге салынган, орнамент мотивдеринде түзүлгөн кооздуктарынан турат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби жылуу-муздак түс гаммасында берилген. Кочкул фондогу сүрөттөрдүн ачык сөлөкөтү даана жана көркөм тартылган. Тегеректин чети контурдук сызык менен чийилген. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби геральдиканын негизги стандарттуу ченемдерине шайкеш келет.

Көчүрүү:

Жогорку чечилиште (PNG)
Вектордо (EPS)
Монохром PDF
Вектордо монохром (EPS)

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө

Көчүрүү:

Техникалык өзгөчөлүгү

Өнөктөштөр