Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

Тизме

16 жашка толо электер жалпы жарандык паспорт алууда

ЗАРЫЛ БОЛУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР

  • анкета-арыз (аймактык бөлүнүштүн же КТБ кызматкери тарабынан таризделет);
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРда маалымат болбогондо;
  • 16 жашка толо элек адамдын ата-энесинин же ата-энесинин биринин (же ата-энеси жалгыз болсо, ата-энесинин бирин ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири өлгөндүгү тууралуу күбөлүк болгондо, ата-энесинин бири эркиндигинен ажыратуу жайларында жаза өтөп жатканда, ата-энесинин бирин дайынсыз жоголду деп, аракетке жөндөмсүз деп таануу жөнүндө соттун чечими болгондо, ата-энесинин бири издөөдө болгондо) же башка мыйзамдуу өкүлдөрүнүн паспорттору;
  • ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу;
  • төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

Эскертүү:

Эгер арыз ээсинин ата-энесинин бири чет мамлекеттин жараны болуп саналса, 16 жашка толо элек адам үчүн жалпы жарандык паспортту тариздөөгө анын нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу берилет.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: Жалпы жарандык паспортту алууга карата документтерди тариздетүү үчүн милдеттүү шарт болуп арыз берүүчүнүн каттоосу «ДМБ» АМТмунда бар болушу эсептелет.

16 жашка толгондо жалпы жарандык паспорт алууда

ЗАРЫЛ БОЛУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР

  • анкета-арыз (аймактык бөлүнүштүн же КТБ кызматкери тарабынан таризделет);
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (болсо) же туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө - КБМРда маалыматтар жок болсо;
  • төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: Жалпы жарандык паспортту алууга карата документтерди тариздетүү үчүн милдеттүү шарт болуп арыз берүүчүнүн каттоосу «ДМБ» АМТмунда бар болушу эсептелет.

Визалык белгилер үчүн барактары бүткөнүнө, колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу жалпы жарандык паспортун алмаштырганда

ЗАРЫЛ БОЛУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР

  • анкета-арыз (аймактык бөлүнүштүн же КТБ кызматкери тарабынан таризделет)
  • алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
  • төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: Жалпы жарандык паспортту алууга карата документтерди тариздетүү үчүн милдеттүү шарт болуп арыз берүүчүнүн каттоосу «ДМБ» АМТмунда же жалпы жарандык паспортто консулдук учету боюнча штампы бар болушу эсептелет.

Жеке маалыматтары өзгөргөнүнө байланыштуу жалпы жарандык паспортун алмаштырганда

ЗАРЫЛ БОЛУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР

  • анкета-арыз (аймактык бөлүнүштүн же КТБ кызматкери тарабынан таризделет)
  • алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк же аты-жөнүн алмаштыруу тууралуу күбөлүк (аты-жөнүн алмаштырганда), никелешүү же никени бузуу тууралуу күбөлүк (никелешкенде, никесин бузганда), жубайынын өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (жубайы каза болгон учурда) же актылык жазуудан көчүрмө - КБМРде маалымат болбогондо;
  • төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: Жалпы жарандык паспортту алууга карата документтерди тариздетүү үчүн милдеттүү шарт болуп арыз берүүчүнүн каттоосу «ДМБ» АМТмунда же жалпы жарандык паспортто консулдук учету боюнча штампы бар болушу эсептелет.

Жалпы жарандык паспорт бузулганда

ЗАРЫЛ БОЛУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР

  • анкета-арыз (аймактык бөлүнүштүн же КТБ кызматкери тарабынан таризделет)
  • испорченный алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспорт;
  • төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

Эскертүү:

Арыз ээсинин ким экендигин жана жалпы жарандык паспорттун реквизиттерин аныктоо мүмкүн болбогон учурда (КБМРда маалыматтар жок болсо) аймактык бөлүнүштүн кызматкери тарабынан мурда берилген жалпы жарандык паспорттун № 1 формасынын негизинде бузулган жалпы жарандык паспортту берүү фактысы текшерилет.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: Жалпы жарандык паспортту алууга карата документтерди тариздетүү үчүн милдеттүү шарт болуп арыз берүүчүнүн каттоосу «ДМБ» АМТмунда же жалпы жарандык паспортто консулдук учету боюнча штампы бар болушу эсептелет.

Виза барактары бүткөнүнө жана жалпы жарандык паспортто чет мамлекеттин жарактуу визасы болгондо экинчи жалпы жарандык паспортту алууда

ЗАРЫЛ БОЛУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР

  • анкета-арыз (аймактык бөлүнүштүн же КТБ кызматкери тарабынан таризделет)
  • жалпы жарандык паспорт;
  • төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ: Жалпы жарандык паспортту алууга карата документтерди тариздетүү үчүн милдеттүү шарт болуп арыз берүүчүнүн каттоосу «ДМБ» АМТмунда же жалпы жарандык паспортто консулдук учету боюнча штампы бар болушу эсептелет.

Жалпы жарандык паспорт жоголгондо

ЗАРЫЛ БОЛУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР

  • анкета-арыз (аймактык бөлүнүштүн же КТБ кызматкери тарабынан таризделет)
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту - КБМРда маалыматтар жок болсо;
  • төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

Эскертүү:

КБМРда маалыматтар жок болгон учурда жалпы жарандык паспорттун жоголгондугу жөнүндө дело түзүлөт. Жоголгон жалпы жарандык паспорттун ордуна жаңы жалпы жарандык паспортту берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат.

Өнөктөштөр