Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

e-Passport боюнча көп берилүүчү суроолор

 

e-Passport алуу үчүн документтер тизмеси

Жарандык паспорт алуу үчүн документтердин тизмеси мурдагыдай эле, бул шилтемеден  карап аласаңыз болот.

e-Passport канчау бакытта жасалат?

e-Passport документтер кабыл алынган күндөн тартып, 3-майдан тартып айдын аягына чейин, документтештирүү мөөнөтү - 18 жумушчу күн болот. Шашылыш түрдө документтештирүү 2021-жылдын июнь айынан башталат.

 

Электрондук паспорттор канча барак болот?

Учурда эки вариантта: 34 беттүү (кадимки) жана чет өлкөгө көп саякаттаган адамдар үчүн 50 беттүү.

e-Passport баасы канча?

34 беттүү паспорт 885 сом жана 50 беттүү паспорт 945 сом, банктын комиссиясы кошулуп.

e-Passport алуу үчүн

катталган жеринен кайрылыш керекпи?

Каалаган ыңгайлуу Калкты тейлөө борборуна же паспорттоштуруу бөлүмүнө кайрылса болот.

Эгерде эски паспорттун мөөнөтү бүтө элек болсо, анда аны жаңы үлгүгө алмаштыра болобу?

Нускамага ылайык паспортту алмаштыруу төмөнкү учурларда гана жүргүзүлөт:

- виза коюу үчүн барактардын бүтүшүнө байланыштуу;

- колдонуу мөөнөтү аяктаганда;

- жеке маалыматтардын өзгөрүшүнө же жарандык паспортто жаңылыш жазылган жазууларды табууга байланыштуу;

- жалпы жарандык паспорту бузулган учурда:

Ошондой эле эски паспортун жоготуп алган учурда дагы паспорт ала аласыз

Менин америкалык виза менен 5 жылга жарактуу паспортум бар, кошумча e-Passport алсам болобу?

Ооба, алсаңыз болот.

Жаңы паспорт эски паспорттон эмнеси менен айырмаланат, анын артыкчылыктары?

 Жаңы электрондук паспорттордун эң негизги артыкчылыгы - бул заманбап коопсуздук элементтеринин колдонулуусу, паспорттун мукабасында электрондук чиптин болушу,

заманбап материалдар жана жеке маалыматтарды тшүрүүдө лазердик технологиялардын колдонулушу.

 

ИКАОнун талаптарына жана стандарттарына ылайык, жаңы паспортко PKI тутуму орнотулган, ал заманбап саякаттоо үчүн документтердин эң маанилүү атрибуту болуп саналат.

e-Passport - бул терроризмге жана документтерди бурмалоого каршы туруу мүмкүнчүлүгү.

Жаңы муундагы паспорттордо электрондук чип бар, андагы маалыматтарды өзгөртүү мүмкүнчүлүгү жок

​​жана ишенимдүү коопсуздук элементтери камтылган.

 e-Passport ИКАОнун стандарттарына жооп берет, Кыргызстандын жарандарынын ыңгайлуу саякаттоосун камсыз кылат жана өлкөнүн абройюн көтөрөт.

Май айында документтеримди тапшырсам, качан даяр паспортту алсам болот?

e-Passportко документтер тапшырылган күндөн тартып 18 жумушчу күндө берилет.

Эмне үчүн шашылыш түрдө жаңы паспорттор берилбейт, себеби эмнеде? Шашылыш түрдө качан документ тапшырса болот?

Май айында шашылыш түрдө 2006-жылдагы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортту алууга болот.

 

e-Passport менен шашылыш түрдө документтештирүү үчүн системада техникалык жөндөөлөрдү орнотуу үчүн убакыт талап кылынат.

Паспортту алмаштыруу милдетпи же каалоо мененби?

2006-жылкы үлгүдөгү паспортту Е-паспортко алмаштыруу так көрсөтмөлөргө жараша жүргүзүлөт. Алар:

- виза штамптары үчүн барактардын бүтүшүнө байланыштуу;

- колдонуу мөөнөтү аяктаганда;

- жеке маалыматтардын өзгөрүшүнө же жарандык паспортто жаңылыш жазылган жазууларды табууга байланыштуу;

- жарандык паспорт бузулган учурда.

 

Ошондой эле эски паспорт жоголуп кеткен учурда дагы алмаштыра аласыз

Менде Кыргыз Республикасынын паспорту бар, ал кайсы мөөнөткө чейин жарактуу?

Кыргыз Республикасынын жаңы биометрикалык паспортунун пайда болушу 2006-жылкы үлгүдөгү Кыргыз Республикасынын паспортун жараксыз болушуна себеп болбойт. Ошентип, 2006-жылкы үлгүдөгү паспорт жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин күчүндө болот.

16 жаштан кичүү балдар үчүн даярдоо мөөнөтү канчалык узак болот?

Жаңы паспорттун даярдоо мөөнөтү 18 жумуш күнү түзөт, анын ичинде жашы жете элек балдарга. Системада техникалык жөндөөлөр аяктагандан кийин балдар үчүн паспортту даярдоо мөөнөтү 10 жумушчу күнгө чейин кыскартылат.

Жаңы паспорт жасалма жасоодон канчалык деңгээлде коопсуз?

Паспорт 30дан ашуун заманбап коопсуздук элементтери менен корголгон: мукабасында тактикалык элементтер, таанып-билүү басып чыгаруу жана бедерлөөнү колдонуу, суу белгилери, голограммалар, коргоо жиптери, заманбап материалдар жана жеке маалыматтарды басуу үчүн лазердик технологиялар.

Эски паспорттор жарактуулук мөөнөтүнүн аягына чейин жарайбы же алмаштырыш керекпи

2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт жарактуу мөөнөтүнүн аягына чейин жарактуу

Жаңы паспорттордун жарактуулук мөөнөтү канча?

 Жаңы биометриалык паспорттун жарактуулук мөөнөтү 10 жыл.

Кыргыз Республикасынын жаранына бир маалда канча паспорт алса болот?

Бир гана. Өзгөчө учурларда гана жаранда эки чет элдик паспорт болушу мүмкүн:

• паспорттун жарактуу мөөнөтү бүткөндө, бирок ал паспортто жарактуу виза бар болгондо;

• визалык баракчалар аяктап, бирок жарактуу виза бар болгондо.

 

Өнөктөштөр