Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 03/05/2021

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

 

ТОКТОМ

2021-жылдын 12-апрели № 142

Кыргыз Республикасынын жарандарынын2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун, дипломаттык жана кызматтык паспортторун Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүү максатында, «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-апрелиндеги № 196 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору жөнүндө жободо:

- 6 жана 7-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспорттору төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) – Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу тексттик жана машина менен окула турган түрдөгү маалыматы бар документ. ID-карта Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде колдонулат;

- идентификациялык карта – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорту (ID-карта) – Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ. ID-карта Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде колдонулат;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту – Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, Кыргыз Республикасына(н) кирүүгө/чыгууга укук берүүчү, тексттик жана машина менен окула турган түрдөгү маалыматы бар документ;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту - Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, Кыргыз Республикасына(н) кирүүгө/чыгууга укук берүүчү, тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документ;

- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттору Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынан чыгууда, анын чегинен тышкары убактылуу болууда жана Кыргыз Республикасына кирүүдө Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, тексттик жана машина менен окула турган түрдөгү маалыматы бар документтерден болуп эсептелет;

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспорттору Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү жана Кыргыз Республикасынан чыгууда, анын чегинен тышкары убактылуу болууда жана Кыргыз Республикасына кирүүдө Кыргыз Республикасынын жарандыгына тиешелүүлүгүн ырастоочу, тексттик, машина менен окула турган жана электрондук түрдөгү маалыматы, паспорттун ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошо коюлган электрондук чиби бар документтерден болуп эсептелет.

7. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун сүрөттөлүштөрү жана үлгүлөрү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.».

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 «Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту боюнча документтерди кабыл алуу жана аларды тариздөө, даярдоо (жекелештирүү), эсепке алуу, берүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө нускамада:

- аталышындагы жана 1-пунктундагы «2006-жылдын» деген сөздөр «2006 жана 2020-жылдардын» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 71-пункту менен толукталсын:

«71. Арыз ээси 34 барактуу же 50 барактуу жалпы жарандык паспортту тандап алууга укуктуу.».

4. 2021-жылдын 1-майынан тартып төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарына 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду жекелештирүү жана берүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл ала тургандыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын жарандарына 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторду жекелештирүү жана берүү үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл ала тургандыгы;

- Кыргыз Республикасынын жарандарына 2020-жылдын үлгүсүндөгү дипломаттык жана кызматтык паспортторду жекелештирүү жана берүү үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди кабыл ала тургандыгы.

5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

6. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык паспортторунун Кыргыз Республикасында пайдаланууга берилгендиги жөнүндө чет мамлекеттерди маалымдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүндө, консулдук мекемесинде идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын
2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышын өзгөртүү жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды ыкчам тартипте киргизсин;

- Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүндө, консулдук мекемесинде идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүү боюнча стандарттарды өзгөртүү жагында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 191-б буйругу менен түзүлгөн Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүндө, консулдук мекемесинде идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышын өзгөртүү жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушун ыкчам тартипте карап чыксын.

8. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүндө, консулдук мекемесинде идентификациялык картаны – Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта) жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышын өзгөртүү жагында «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

9. Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорттору Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан ушул паспорттордун бланктары аяктаганга чейин бериле тургандыгы белгиленсин.

10. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык паспортторун жекелештирүүгө ыйгарым укук берилсин.

11. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

12. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

У.А.Марипов

 

Өнөктөштөр