Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119

16 жашка толгондо 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги

16 жашка толгондо 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги:

- туулгандыгы тууралуу күбөлүк – КБМРда маалымат болбосо;

- ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин бирөөсүнүн (экинчиси жок болгондо) паспорттору же арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн паспорттун (паспорттордун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү – КБМРда маалымат болбосо;

- анкета-арыз, аймактык бөлүнүштүн жана/же КТБ кызматкери тариздейт;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту тариздөө, даярдоо жана берүү үчүн төлөмдөрдү тастыктаган квитанция (мамлекеттик алым чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулган адамдар мамлекеттик алым төлөшпөйт).

- камкорчу/көзөмөлчү катары чыккан юридикалык жак үчүн 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө өтүнүч -

Көңүл буруңуздар: Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (eID-карта) шашылыш даярдоо  боюнча кайрылуу учурларынан тышкары, идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (eID-карта) баштапкы тариздөө жана берүү,  2017-жылдын 1-майынан тартып 2017-жылдын 31-декабрына чейин акысыз жүргүзүлөт.

Өнөктөштөр