Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 30/10/2014
  • Просмотров: 2415

Паспортторду бүгүн, 30-октябрда , МККнын төрайымынын орун басары Элдияр Усубалиев жана БУУнун КЖКБ Йоханн Сиффоант тапшырышты.

Жарансыздыкты түп-тамырынан бери жок кылуу боюнча глобалдык кампания Кыргызстанда КРӨ МКК тарабынан БУУнун Жогорку комиссар башкармалыгынын качкындар иштери боюнча Өкүлчүлүгү менен бирге ишке киргизилген эле.
«2014-жылдын башына карата Кыргызстанда 11 миң адам кызыл, советтик паспортторго ээ болушкан. Июнь айынын акырына карата 19 миң адам КРнын жарандыгы жок, бул катарга, кызыл советтик паспортторго ээ болушкан адамдар дагы киргизилет. Азыркы күнгө карата 4 миң 232 адам Кыргызстандын жаранынын ички ID-паспорторун алышты. 6 миң 907 адамга жакын киши калды», – деп билдирди маалыматтар жыйынында МККнын калкты каттоо департаментинин директору Дүйшөн Сатыбалдиев.

Жарандыкты алышкан адамдар, өлкөнүн социалдык-саясий турмушуна катышуу укугуна, ишке орношууга, билим алууга жана саламаттыгын чыңдоого, сатып алуу-сатуу бүтүмдөрүн жүргүзүүгө укуктарды ала алышат.

Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана БУУнун КЖКБ «Чечүү үчүн демилге – жарансыздыкты кыскартуу» аталышындагы биргелешкен долбоорду ишке киргизишкен, анын алкактарында жарандыгы жок адамдарды табуу, эсепке алуу жана кийинчерээк документтерди берүү менен каттоодон өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Азыркы күнгө карата 28 көп функционалдуу мобилдүү топтор 5500дөн ашуун жарандыгы жок жана документтерсиз адамдарды каттоодон өткөрүшкөн. Алардын көпчүлүгү жаңы паспортторду же туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү ушул жылдын акырында алышаары күтүлүүдө.

Долбоордун алкагында үстүбүздөгү жылы аталган иштер Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областтарында, ошондой эле Чүй областынын пилоттук үч районунда (Сокулук, Адамүдүн, Ысык-Ата) жүргүзүлгөн. Келечекте бул долбоорго республиканын башка областтары дагы кошулмакчы.

 

Өнөктөштөр