Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 08/06/2016
  • Просмотров: 2239

Бишкек жана Ош шаарларында Мобилдүү топтор борборунун көчмө кызматтары көрсөтүлөт:

1. Кыргыз Республикасынын паспортун алуу (алмаштыруу) боюнча документтерди барып каттатуу кызматын шашылыш жана жөнөкөй тартипте сунуш кылат:

-Арыз ээсинин жашаган (турган) жерине баруу;

-Документтерди каттатуу үчүн арыз ээсин сүрөткө түшүрүү;

-Паспорт алуу үчүн керектүү бланктарды толтурууга көмөк көрсөтүү (арыз ээсинин макулдугу менен паспорттук столдун кызматкери тарабынан бланктарды толтуруу);

-Арыз ээсинин макулдугу менен жана анын атынан мамлекеттик алымдарды төлөө;

-Каттоо кызматына тиешелүү маалыматтарды чогултуу;

-Даярдалган паспортту арыз ээсинин жашаган (турган) жерине жеткирип берүү.

Кызматтын баасы 1200 сом (бир паспорт үчүн, паспорт алуу үчүн мамлекеттик алымдарды эсепке албаганда)

2. Даярдалган документтерди жеткирүү - 500 сом.

3. Салтанаттуу түрдѳ нике күбөлүгүн тапшыруу аземи

ЖААК бѳлүмүндѳ никеге тургандыгы тууралуу арыз менен кошо, никени салтанаттуу түрдѳ каттап, нике күбѳлүгүн тапшыруу аземин ѳзгѳчѳ түрдѳ ѳткѳрүү боюнча арыз менен кайрылууӊуз абзел.

Кызматтын баасы 5423 сом

Байланыш телефондор:

МТБ-паспорт: 0 (312) 897999 (Бишкек), 0 (779) 112945 (Ош)

МТБ-ЖААК: 0 (770) 510606 (Бишкек), 0 (773) 114411 (Ош)

Call-борбор 119 (бүт байланыш операторлор үчүн чалуу акысыз)

Өнөктөштөр