Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 16/06/2016
  • Просмотров: 2329
МКК: «Жаны биометрикалык ID-картада жарандар боюнча маалыматтын үч графасы орнотулган чипте сакталат».

Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, биометрикалык системага өтүүнүн биринчи (биометрикалык маалыматтарды чогултуу) этабын  ийгиликтүү аяктоо менен бирге, системанын экинчи этабы болгон электрондук биометрикалык ID-картаны  киргизүү ишин баштады.

 

Бул этаптын бардыгы электронндук башкаруу системасына өтүү долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Белгилей кетсек, калкты биометрикалык ID-карта менен камсыздоо электрондук башкарууга өтүүнүн бир гана багыты.

Калкты электрондук биометрикалык ID-карта менен камсыздоодон кийин долбоордун үчүнчү этабы – калкка электрондук ID-картанын негизинде, кызматкерлердин катышуусуз мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү мүмүкүнчүлүгү түзүлөт.

Электрондук ID-картада жарандын жашаган жери, үй-бүлөөсү жана улуту боюнча маалымат картадагы орнотулган чипте сакталат.  

Көрүүгө мүмкүн болгон ID-картанын бетиндеги аты-жөнү, атасынын аты, теги жана жарандыгы боюнча маалымат үч тилде (мамлекеттик, расмий жана англис тилинде) толтурулат. Ошондой эле  жарандын туулган күнү, жери, паспорт берген орган, колдонуу мөөнөтү, жарандын ЖИНи, сериясы, штрих коду да ID-картанын көрүүгө мүмкүн болгон бетинде, калган маалыматтардын бардыгы орнотулган чипте сакталат.

Маалымат үчүн:

 

Биометрикалык  паспорт төмөнкү өлкөлөрдө колдонулат: Казахстан, Латвия, Молдавия, Пакистан, Польша, Россия, АКШ, Израиль, Туркменистан, Өзбекстан, Финляндия, Эстония ж. б.

Кайсы өлкөлөрдө  биометрикалык паспорттор колдонула турганын кийинки картадан тааныша аласыз. Жашыл түстө көрсөтүлгөн өлкөлөрдө биометрикалык  паспорт колдонулат, ачык жашыл түскө жакынкы убакытта биометрикалык паспорт киргизилет.

 

Өнөктөштөр