Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 03/11/2014
  • Просмотров: 2909

Үстүбүздөгү жылдын 20-октябрынан 31-октябрына чейин Бишкекте биометрикалык маалыматтарын 14527 адам тапшырган.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо борбор калаабыздын бардык райондорунда жана мамлекеттик ишканаларда жүргүзүлүүдө. Анын ичинде 31-октябрь күнү кабыл алуу пункттары Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Чек ара кызматында иштешкен.

Октябрь районундагы 63 жана 56-мектептерде жайгашкан топтоо пункттары убактылуу 10-кичирайондо жайгашкан И.Арабаев ат. КМУга көчүрүлүшкөн. Көк-Жар жаңы конушундагы 88-мектепте жайгашкан топтоо пункту убактылуу КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигине көчүрүлгөн.

2014-жылдын 3-ноябрында маалыматтарды топтоо КРнын Жогорку Кеңешинде 5 комплект жабдуу менен, ал эми КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигинде 1 комплект жабдуу менен уюштурулду.

 

Өнөктөштөр