Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 11/08/2016
  • Просмотров: 2517
2016-жыдын июль айына карата кыймылсыз-мүлк кыймылы

2016 – жылдын июль айына карата кыймылсыз-мүлк боюнча бардык келишимдердин саны (сатуу - алууну албаганда) былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу азайган. Кыймылсыз мүлктү сатуу-алуу боюнча келишимдердин санынын көрсөткүчү боюнча алдынкы орунда Бишкек, Ош шаарлары жана Талас облусу болуп эептелет. Ал эми күрөөгө коюу боюнча Ысыккөл облусу менен Жалалабад облустарынын көрсөткүчтөрү басымдуулук кылат. Ошондой эле Бишкек шаары боюнча ижарага берүү келишимдеринин катталышы көбөйсө, кыймылсыз мүлктү тартууга берүү боюнча келишимдердин саны Бишкек шаарында, Ысыккөл жана Талас облустарында көбөйгөн.

Квартиралардын бир чарчы метринин орточо баасы  Бишкек шаары боюнча 2016-жылдын июль айында 45700 сом (679 АКШ долл. ) болуп былтыркы жылкы баага салыштырмалуу 0,87 пайызга арзаныраак болду. Доллар менен алып караганда бир чарчы метрдин баасы 8,4% арзандаган.

Ал эми Ош шаары боюнча квартиралардын бир чарчы метринин орточо баасы  2016-жылдын июль айында 27100 сом (403 АКШ долл. ) болуп былтыркы жылкы баага салыштырмалуу 10,3 пайызга арзаныраак болду. Доллар менен алып караганда бир чарчы метрдин баасы 16,9% арзандаган.

Өнөктөштөр