Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 18/08/2016
  • Просмотров: 2016
 Тайырбек Сарпашев Япониянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамуру менен жолукту
Бүгүн 18-августта КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Япониянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамуру менен жолукту. Жолугушууда эки тарап шайлоо процесстринде шайлоочуларды идентификациялоону жакшыртуу боюнча мындан ары кызматташууларды талкууга алышты. Тайырбек Сарпашев парламенттик шайлоолорду жүргүзүүдө көрсөткөн жардамы үчүн япон тарапка терең ыраазычылык билдирди. Мамкаттоо кызматыын төрагасы элчиге электрондук паспортко өтүү жана алдыдагы шайлоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурулуу да айтып өттү. Ёсихиро Ямамура өз сөзүндө Япония Кыргызстанга демократиялык өнүгүүдө жардамын аябаарын жана кыргыз элине тийген пайдасы үчүн кубанаарын белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында шайлоо процессин жакшыртуу боюнча эки тараптын иш-аракеттеринин негизги кадамдарын аныкташты. 

Өнөктөштөр