Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 04/10/2016
  • Просмотров: 3491
 01 001 ААА авто унаа номери сатылып, өлкөнүн казнасына 450 миң сом киреше түштү

Бүгүн 4-октябрда 28-сентябрда болуп өткөн  ойлайн-аукциондун №4 катышуучусу  01 001 ААА автоунаа номерин 592 миң сомго сатып алды. Аукциондун жеңүүчүсү болуп жарыяланган №1 катышуучу 594 миң сомду сунуш кылып, бул номерди сатып алуу укугуна ээ болгон, бирок белгиленген үч күндүн ичинде сунушталган акчаны төлөбөгөндүгүнө байланыштуу бул номерди сатып алуу укугуна №4 катышуучу ээ болуп, 592 миң сомго сатып алуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланган.

Мам Каттоонун төрагасы Сарпашев Т. Д. номер сатып алган жаранга өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирип, өз сөзүндө: ”Бул 592 миң сомдун  91 пайызы мамлекеттин казнасына которулат. Бул каражат аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 548 балага жөлөк пул же 4700 сом пенсия алган жүздөй пенсионерлердин бир айлык төлөмүн жабат ”- деп баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирүү менен автоунаа номеринин сертификаты менен белектерди тапшырды.

Эсиниздерге салсак, онлайн-аукцион аркылуу же аукциону жок сатылган өзгөчө автоунаа номерлеринен түшкөн каражаттын 91 пайызы мамлекеттин казнасына тушсө, калган 9 пайызы аукционду уюштуруп жаткан “Инфоком” Мамлекеттик ишканасынын эсебинде калат.

Онлайн-аукциондун өткөрүлүшүнүн бирден бир маанилүүлүгү анын ачык айкындуулугунда. Ар бир кызыккан жаран nomer.srs.kg сайтында онлайн-аукциондун өтүшүнө байкоо жүргүзө алат.

Өнөктөштөр