Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 15/12/2016
  • Просмотров: 3599

Кыргыз Республикасынын Өкүмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен бирдикте электрондук башкарууну ишке киргизүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик органдарында адам ресурстарын башкаруу боюнча бирдиктүү маалымат системасын киргизишүүдө.

Бул долбоор алдыңкы маалыматтык технологияларды колдонуу менен  персоналды башкаруу маселелерин чечүүгө жана мамлекеттик кадр саясатынын жүзөгө ашыруу негизделген.

Маалымат тутумунун киргизилиши кызматчылардын санын тактоо процессин автоматташтыруу жана бирдиктүү мааалымат платформасынын негизинде башкаруу жолу менен мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугун жогорулатууга жана оптималдаштырууга негизделген.

Маалымат тутуму   кызматчылар курамы боюнча электрондук маалымат базасын калыптандырууга, иш кагаздарын жүргүзүү процесси жана мамлекеттик кадр саясатын стандартташтырууга, кадрлар боюнча так маалыматтарды пайдалануунун негизинде башкаруучулук чечимдердин натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Бул система билими, квалификациясы, жашы, үй-бүлөлүк абалы, гендердик таандыгы жана  ошондой эле кызматчылардын саны ж. б. көрсөткүчтөр  боюнча аналитикалык отчет түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.  

Пилоттук долбоордун алкагында аталган маалымат системасы Кыргыз Республикасынын беш мамлекеттик органдарында ишке киргизилди:

  1. Кыргыз Республикасынын кадр кызматы;
  2. Кыргыз Республикасынын Өкүмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкүмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекттик агенттиги;
  4. Кыргыз Республикасынын Өкүмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги;
  5. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо Министрлиги;

 

Маалыматтык тутумду бардык мамлекеттик органдарда этап-этабы менен ишке киргизүүнүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында мамлекеттик кадрдык курам боюнча кызматкерлердин сандык жана сапаттык курамы, жеткиликтүү актуалдуу толук маалыматтар базасы айкын убакыт ыргагында түзүлүп турат.

Маалымат тутумун киргизүү кийинки маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берет:

  • Мамлекеттик кызматчыларды башкаруу процессин автоматташтыруу;
  • Мамлекеттик органдардын кызматчыларын эсептөө иштерин жакшыртуу, эмгек маянасын эсептөө, окутуу иштерин так пландоо;
  • Мамлекеттик органдардын жетекчилигине кызматчылар боюнча актуалдуу жана так маалыматтарды берүү;
  • Мамлекеттик кызмат жана кадр саясатын натыйжалуу жана заманбап методдорун колдоо

Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында маалыматтык тутумду 2016 –жылдын аягына чейин орнотууну аяктоо пландаштырылууда.

 

Өнөктөштөр