Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 14/04/2017
  • Просмотров: 1954

2017-жылдын 13-апрелинен баштап Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы “Инфоком” малекеттик ишканасынын Мамлекеттик жекелештирүү борбору 2017- жылдын үлгүсүндөгү  дипломаттык жана кызматтык паспорторду жекелешитирүү ишин баштады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-февралындагы  №104  “Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө” токтомуна ылайык, 2004-жылдын 27-апрелинде Молдова Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш министрлигинин «REGISTRU» Мамлекеттик Маалыматтык   Ресурстар Борбору” мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жаңы үлгүдөгү  жалпы жарандык, кызматтык, дипломатиялык паспортторунун бланктарын даярдоо жана жеткирип берүү, Контрактта көрсөтүлгөн мөөнөттө автоматташтырылган жекелештирүү тутумун иштеп чыгуу, орнотуу  жана пайдаланууга берүү” инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча Контрактты мөөнөтүнөн мурда  аяктоо жөнүндө макулдашууга 2017-жылдын 5-апрелинде кол коюлду.

Өнөктөштөр