Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 11/05/2017
  • Просмотров: 2754

2017-жылдын 01-майынан тартып Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын – паспортун тариздетүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу башталдыгына байланыштуу жарандар үчүн Кызмат көрсөтүүлөр плорталынан онлайн режимде өзүнүн каттоосунун дарегин (каттоосун) алдын ала текшерүү мүмкүндүгү пайда болду. Паспортту алуунун милдеттүү шарты болуп маалыматтык тутумда дарегинин каттоосунун бар болушу эсептелет.

Эгерде жаран тууралуу актуалдуу маалыматтар КБМРде бар болсо идентификациялык картаны алуу үчүн анкетаны толтурууда документтердин көчүрмөлөрү талап кылынбайт.

Идентификациялык картаны алуу үчүн жаран КТБ же паспорт-виза жана каттоо  иштери боюнча бөлүмдөрүнө кайрылуунун алдында  жаран каттоосун бар же жок экендигин алдын ала текшерип алуусун жаңы онлайн кызматы камсыз кылат. Ошондуктан МКК порталдагы даректи текшерүү боюнча кызматтан пайдалануусун сунуштайт. Кызмат акысыз көрсөтүлөт.

 

Каттоо дарегинин бар экендигин кантип текшерүүгө болот:

  1. Дарек сабында МККнын e.srs.kg электрондук кызмат көрсөтүүлөрпорталынын дарегин терүү керек.
  2. Башкы бетте «Документтерди текшерүү» бөлүгүнөн «Каттоо дарегин текшерүүнү» тандоо зарыл.

 3. «ПИН» талаасын толтуруп жана «Мен робот эмесмин» талаасына «галочка» белгисин коюу керек.

4. Дарегин каттоосу бар болгон учурда төмөнкү маалымат чагылдырылат:

5. Каттооңуз жок болгон учурда, КТБга же паспорт столуна даректи каттоо үчүн кайрылуу зарыл болот. Даректи каттоо жашаган жана турган жеринен көз карандысыз төмөнкү укук аныктоочу документтер бар болгон учурда жүзөгө ашырылат:

 

  1. Ордер же сатып алуу/сатуу, белекке тартуу кылуу келишими;
  2. Турак-жай имаратынын менчик ээсинин паспорту;
  3. Турак-жай имаратынын менчик ээсинин макулдугу.

Суроолор пайда боло турган болсо, МККнын колл-борборуна 119 номерине кайрылыңыз.

Өнөктөштөр