Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 04/07/2017
  • Просмотров: 1655

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Дастан Догоев борбор калаадагы Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) текшерүү менен барды.

Д.Догоев Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүндө, паспорт бөлүмдөрүндө жарандарды тейлөө, биометриялык маалыматтарды топтоо жана даярдалган паспортторду жарандарга берүү процесстери кандай жүрүп жатканын көзөмөлдөдү.

Ошондой эле МКК жетекчиси жарандар менен баарлашып, тейлөөнүн сапаты боюнча алардын пикирлерин жана сунуштарын укту. Жарандар көбүнчө КТБлардын аянттары тар экендигине жана кезек узак болуп жаткананына нааразылык билдиришти.

Дастан Догоев жарандарга баш калаанын КТБлары ар күнү 2 миңге жакын жаранга кызмат көрсөтүп жатанын айтты. “Учурда биз бул көйгөйдү чечүүнүн жолдорун издеп жатабыз, тактап айтканда, Тейлөө борборлорунун иштөө форматын өзгөртүү сунушталып жатат. Ошондой эле КТБлардын имараттары боюнча дагы маселе бар. Мен ылайыктуу имарат издөөгө тапшырма бердим.  Тиешелүү имарат табылаары менен Бишкек шаарына үчүнчү КТБ ачабыз, ал жерге Ленин району жайгаштырылат. Ошондой эле Чолпон-Ата көчөсүндө жайгашкан 2-Калкты тейлөө борборун жаңы имаратка көчүрөбүз”, – деди төрага.

 

 

Өнөктөштөр