Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 05/07/2017
  • Просмотров: 1828
Дастан Догоев МККнын Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрү менен мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдөгү көйгөйлөрдү талкуулады

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Дастан Догоев МКК Коомдук байкоочу кеңешинин (КБК) мүчөлөрү менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдөгү көйгөйлүү маселелерди талкуулады.

КБК мүчөлөрү менен учурашып жатып Дастан Догоев байкоочу кеңеш менен жигердүү кызматташуу ниети бар экенин баса белгиледи. “КБКнын ушул жылга карата иш планы менен таанышып чыктым. План актуалдуу жана адекваттуу экен. Айрым пункттар боюнча белгилүү финансы каражаттары талап кылынат, бирок ага карабастан, алдыга коюлган милдеттер менен максаттарга биргелешип жетүү үчүн зарыл болгон бардык күч-аракетимди жумшайм”, - деди төрага.

КБК төрагасы Эркин Абдрахманов байкоочу кеңештин мүчөлөрү  ай сайын туруктуу негизде МККнын түзүмдүк бөлүмдөрүндө калк менен иштөөнүн ачык-айкындуулугуна мониторинг жүргүзүп турушаарын билдирди. “Ошондой эле дайыма жарандарды түйшөлткөн, коомдук мааниге ээ болгон маселелер менен көйгөйлөрдү чечүү боюнча коомчулуктун сунуштары тууралуу маалыматтарды топтоп, жалпылап жана МККга берип жатабыз”, - деди ал.

КБК мүчөлөрү менен жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда жарандар туш болуп жаткан бир катар көйгөйлүү маселелер, атап айтканда, ЖААК бөлүмдөрүнүн, паспорт-виза бөлүмдөрүнүн, кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин оройлугу тууралуу маселе көтөрүлдү. Кызматкерлерди кайра окутуу, квалификацияларын жогорулатуу сунушу айтылды. “Өздөрүнүн ишине тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды билбестик жасалма бюрократияга, аталган укуктук актыларда көрсөтүлбөгөн, керексиз маалымкаттарды талап кылууга алып келүүдө”, - деген пикирлерин билдиришти КБК мүчөлөрү.

Өз кезегинде Дастан Догоев мындай көйгөйлөр чындыгында бар экенин белгилеп, калкты тейлөө борборлорунун иштөө форматын өзгөртүү сунушталып жатканын айтты. “Кызматкерлер үчүн окуу борборун түзөбүз жана мындай борбор үчүн зарыл болгон жабдууларыбыз бар. Калкты тейлөө борборлорунун жаңыча иштөө форматы иштелип чыгууда. Аны менен катар КТБлар үчүн ыңгайлуу имараттарды издеп жатабыз”, - деди Д.Догоев.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар турукту негизде жолугушуп турууга, МККнын тутумундагы көйгөйлүү маселелерди бирге аныктап жана аларды чечүү үчүн биргелешип күч-аракет жумшоого макулдашты. 

Өнөктөштөр