Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 19/07/2017
  • Просмотров: 1951

 

Бүгүн, 19-июлда, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары жана президенттик шайлоого карата жүрүп жаткан даярдык иштер тууралуу маалымат берди.

Дастан Догоев 5-августта Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоочулардын алгачкы алдын ала тизмелерин өткөрүп берээрин билдирди. БШК өз кезегинде 15 күндүн ичинде шайлоочулардын тизмелерин бардык шайлоо участокторуна жайгаштырышы керек. “Ушул учурдан тартып шайлоочулар участокторго барып, тизмелер менен тааныша алышат. Шайлоочулардын тизмелерине кирүү үчүн сентябрдын соңуна чейин биометрикалык каттоодон өтүү керек. Бүгүнкү күнгө карата 16 жаштан улуу курактагы 3 миллион жаран биометрикалык каттоодон өттү”, - деди Дастан Догоев.

Төрага шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшерүү оңой болуп калганын белгиледи. Мисалы, жаран үйүнөн чыкпай туруп шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшерип  же өзүнүн шайлоо участогун таап алса болот. Бул үчүн 119 номерине смс-билдирүү жөнөтүү керек. Билдирүүгө сөзсүз түрдө паспортундагы персоналдык идентификациялык номерин көрсөтүү зарыл. Жаранга шайлоо участогунун дареги жана номери  көрсөтүлгөн жооп келет. Шайлоочулардын тизмесинен өзүн текшерүүнүн дагы бир ыкмасы - www.shailoo.srs.kg сайтына кирүү. “Биз жарандардан шайлоочулардын тизмесинен өздөрүн эртерээк текшерип, эгер кандайдыр бир так эместиктер табылса бизге билдирип коюуну өтүнөбүз. Ошондой эле жарандар колл-борбордун 119 номерине телефон чалса болот”, - деди ал. 

Дастан Догоев 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту бар жарандарды жаңы үлгүдөгү паспорт алууга үндөдү.

 

Өнөктөштөр