Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 19/07/2017
  • Просмотров: 1826

 

            Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту - идентификациялык картадан жекесиздештирилиген маалыматтарды окуу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында МКК макулдашуунун негизинде бир катар юридикалык жактарга Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталындагы жеке кеңселерге кирүүгө уруксат (мүмкүнчек) берди.

Юридикалык жактар

1

“Элет-Капитал” микрокредиттик компаниясы

2

“БТА Банк” ЖАК

3

“Финанс Кредит Банк”ачык акционердик коому

4

“Демир банк” ЖАК

5

“Борбордук Азиянын Капитал Банкы” ААК

6

“ЭкоИсламикБанк” ЖАК

7

ЖИ нотариус

8

“Финка Банк” ЖАК

9

“Халык Банк” ААК

10

"Кыргызстан" коммерциялык банкы

11

МСЭ республикалык борбору

12

“Борбор Азия” микрокредиттик компаниясы

13

“Айыл Банк” ААК

 

 

 

            Эскерте кетсек, май айынан тартып киргизилген жаңы үлгүдөгү паспортко орнотулган чипке жарандын жеке маалыматтары, биометрикалык маалыматтары, сүрөтү, электрондук санариптик колтамгасы, үй-бүлөлүк абалы жана катталган дареги киргизилет.

            МКК чиптен маалыматтарды байланыштуу жана байланышсыз окуунун ар кандай ыкмаларын берип жатат:

  1. Андроиддин базасындагы мобилдик тиркеме - «KGZ eID NFC Reader»;
  2. Компьютер үчүн программалык камсыздоо;
  3. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталындагы жеке кеңседен көчүрмө;
  4. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу юридикалык жактарга кирүүгө уруксат (мүмкүнчек) берүү.

 

            Карт-ридери жана программалык камсыздоосу жок эле чиптен маалыматтарды кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен e.srs.kg  электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу юридикалык жактар үчүн жеке кеңсеге кирүүгө уруксат (мүмкүнчек) берүү жөнүндө макулдашууга кол коюу зарыл. Кароо үчүн жарандын каттоосу жана үй-бүлөлүк абалы боюнча жекесиздештирилген маалыматтары жеткиликтүү болот. Бул кызмат көрсөтүү акысыз негизде берилет.

Азыркы убакта калкка салык, медициналык тейлөө, пенсиялык камсыздоо жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн уруксат  (мүмкүнчек) берүү боюнча мамлекеттик органдар менен иш жүргүзүлүп жатат.  

           

 

Өнөктөштөр