Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 20/07/2017
  • Просмотров: 2135
 Кыргызстан ИКАО стандарттарына шайкеш келген электрондук идентификациялык карталарды (eID) чыгара баштады

Электрондук идентификациялык карта (eID) – бул Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгүн тастыктаган, электрондук чип орнотулган жаңы муундагы документ.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) 2017-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандарынын электрондук идентификациялык карталарын (eID) даярдоого анкета-арыздарды кабыл алып жатат.

Электрондук идентификациялык картанын (eID) коргоочу каражаттары бар жана аны электрондук өкмөттүн бир катар кызмат көрсөтүүлөрүн берүү үчүн пайдаланууга болот.

МКК алдындагы “Инфоком” мамлекеттик ишканасы белгилегендей, eID картты тариздөө жана берүү кыска мөөнөттө жүргүзүлөт, ошондой эле eID карт Россиянын жана Казакстандын чек арасынан тоскоолдуксуз өтүүгө мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык, 2017-жылдын соңуна чейин тиешелүү укуктарга ээ болгон Кыргыз Республикасынын бардык  жарандары өздүк күбөлүктөрүн (ID) акысыз негизде идентификациялык картага eID алмаштыра алышат.

2018-жылдан тартып eID баасы болжол менен 6 АКШ доллары болмокчу, бул баа 2004-жылдын үлгүсүндөгү картанын баасына жакын.

Электрондук идентификациялык картанын eID чиби эки (байланыштуу жана байланышсыз) интерфейске ээ. Чипке төмөнкү маалыматтар киргизилет: ээсинин аты-жөнү, улуту, жынысы, жарандыгы, туулган жери, санариптик фото сүрөтү, үй-бүлөлүк абалы, туруктуу жашаган орду, эки манжасынын тагы жана электрондук санариптик колтамгасы.  

eID карттын чибиндеги маалыматтарга жетүү үчүн эки интерфейс колдонулат. Жаңы муундагы идентификациялык карта жарандын биометрикалык маалыматтарын жана манжаларынын тактарын сактоого арналган чип орнотулган, ИКАО стандарттарына шайкеш келген өздүк күбөлүк жана жол жүрүүчү докуменет болуп саналат.

«Security Document World» интернет-журналына жарыяланган макалада Мамлекеттик каттоо кызматы идентификациялык карталардын (eID) негизги өндүрүүчүсү Корея Республикасынын Электрондук паспортторду жана ID карт өндүрүү боюнча мамлекеттик корпорациясы (KOMSCO), чиптердин жеткирип берүүчүсү  «Samsung» компаниясы экендигин белгилеген. Голограмма (DID 90 Color Permutation) «Surys Hologram Industries» компаниясы тарабынан өндүрүлөт.

 Картанын ээсинин үй-бүлөлүк абалы жана жашаган дареги чиптен өзгөртүлөт. Бул параметрлер өзгөргөн учурда жаңы паспорт алуу зарылчылыгы жокко чыгарылат, натыйжада жарандардын убактысы жана акча каражаттары үнөмдөлөт.

Жаңы Электрондук Идентификациялык Карталар (eID) – санариптик келечекти көздөй жасалган кадам жана жарандын керектөөлөрүнө багытталган маалыматтык коомду түзүүгө болгон кадам. Бул долбоор Кыргызстан жарандардын өздүгүн күбөлөрдүргөн документтердин ыңгайлуулук жана коопсуздук даражасынын жогорку стандарттарын белгилегенин тастыктап турат.

Кыргызстан – ИКАО талаптарына толук шайкеш келген электрондук идентификациялык картаны (eID) киргизген Борбор Азиядагы алгачкы өлкө болуп калды.

Кыргызстандагы eID долбоорун Мамлекеттик каттоо кызматы жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасы Корея Республикасынын Электрондук паспортторду жана ID карт өндүрүү боюнча мамлекеттик корпорациясы (KOMSCO), ошондой эле «Ubivelox» (Корея) жана «Technology» (Кытай) компаниялары менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырып жатат.

Макаланын түп нускасына шилтеме: http://www.securitydocumentworld.com/article-details/i/13251/

 

Security Document World (SDW) тууралуу кыскача маалымат


Security Document World (SDW) – адамдын иденттүүлүгүнө багытталган коргоочу документтердин жана чечимдердин дизайнына, өндүрүшүнө жана интеграцияланышына кызыккандардын баарына өз убагында, дыкат изилденген жана акысыз маалымат берүүгө арналган веб-портал. Порталда паспорттор жана визалар сыяктуу машинада окула турган жол жүрүүчү документтерге, ошондой эле улуттук өздүк күбөлүктөр жана айдоочулардын күбөлүктөрү сыяктуу өкмөттөр тарабынан чыгарылуучу коопсуз документтерге өзгөчө көңүл бөлүнөт. SDW порталы биометрия, смарт-карталар, коопсуз документтер жана идентификациялоочу технологиялар жаатындагы конференциялардын, көргөзмөлөрдүн жана веб-порталдардын уюштуруучусу болгон Science Media Partners медиа-компаниясына таандык.

 

Өнөктөштөр