Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 29/06/2017
  • Просмотров: 1908
Мейкиндик маалыматтарынын инфратүзүмү боюнча III Эл Аралык Евразия конференциясы иштей баштады

29-30-июнда Ысык-Көлдө “Улуттук кызматташтыктан региондук кызматташтыкка өтүү” темасындагы мейкиндик маалыматтарынын инфратүзүмү боюнча III Эл Аралык Евразия конференциясы өтөт. Конференция БУУ ЕЭК Жерге жайгаштыруу боюнча жумушчу комиссиясы жана Дүйнөлүк банк менен бирге Кыргыз Республикасында маалыматтык технологияларды киргизүүгө багытталган “Таза Ком” улуттук долбоорунун колдоосу менен өткөрүлөт.

Улуттук Мейкиндик Маалыматтарынын Инфратүзүмү – бул коомдун бардык деңгээлдеринде кеңири спектрдеги чечимдерди колдоо үчүн геомейкиндик маалыматтарынын жеткиликтүүлүгүн, байланышын жана колдонууну жакшыртуунун ыкмасы.

Конференцияга 18 өлкөнүн профилдик мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, БУУ ЕЭК Жер ресурстарын башкаруу боюнча жумушчу тобунун, Дүйнөлүк банктын жана Корея Республикасынын Улуттук географиялык маалымат институтунун жетекчилери катышат.

Конференцияны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти уюштуруп жатат.

 

Маалымкат

Жыл сайын мамлекеттик башкаруунун ар башка чөйрөлөрүндө кыймылсыз мүлк жөнүндө актуалдуу маалыматтарга жана санарип карталарга болгон керектөө жогорулап бара жатат. Анын ичинде: коммуникация тармактарын иштеп чыгуу, жарандарды эсепке алуу, шайлоочулардын тизмелерин тактоо, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралар жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, региондордун аймактарын өнүктүрүүнү пландоо, айыл чарбасы, инфратүзүмдүк долбоорлорду картографиялык колдоо.

Кыймылсыз мүлк рыногунун өсүшүнө жараша камтууну кеңейтүүнүн мааниси, географиялык жайгашуусу жана дареги сыяктуу негизги графикалык малыматтарды макулдашуунун жана тактоонун  мааниси өсүп бара жатат.

Бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн, ошондой эле коомдук жана жеке менчик түзүмдөрдүн графикалык маалыматтарга болгон керектөөлөрүн камсыздоо үчүн Улуттук мейкиндик маалыматтарынын инфратүзүмүн (УММИ) түзүү зарыл.  

КР Премьер-министринин 2014-жылдын 7-октябрындагы № 430 буйругу менен Кыргыз Республикасынын меймкндик маалыматтарынын инфратүзүмүн өкүтүрүү стратагиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы бекитилген.

Бирдиктүү мейкиндик маалыматтарынын базасын түзүү өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин чечүүдө, калкты маалыматтык тейлөө чөйрөсүндө түзүлүп жаткан автоматташтырылган тутумдарды иштетүүдө жана өз ара аракеттенүүсүн камсыздоодо пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү зарылчылыгы менен шартталган.

 Бул стратегия мейкиндик маалыматтарынын инфратүзүмүн өнүктүрүүгө багытталган.

 Стратегияда Кыргыз Республикасындагы ар башка мамлекеттик органдардын республиканын аймагындагы объекттердин жайгашкан орду тууралуу негизги идентификациялык маалыматтарды топтоо үчүн ГМТ тутумун түзүү жана пайдалануу принциптерин, бирдиктүү технологиялык платформаны камсыздабаган географиялык маалыматтык тутумдары жана көйгөйлөрү баяндалган.

 

 Улуттук мейкиндик маалыматтарынын инфратүзүмүн түзүү бирдиктүү ГМТ платформасын ар башка түзүмдөрдүн жана ведомстволордун пайдалануусуна шарт түзөт.

Стратегияны ишке ашыруунун алкагында МКК алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаменти тарабынан кыймылсыз мүлк боюнча укуктук жана графикалык маалыматтарды, Кыргызстандын жалпы аймагы боюнча даректердин маалымдамаларын камтыган кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтык тутумду түзүү боюнча белгилүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Улуттук координаттар тутуму киргизилди жана республика боюнча  турукту иштеген 18 базалык референцтик станциялар орнотулду, алар аркылуу GPS технологиялардын жардамы менен жер участокторун сүрөткө тартууга мүмкүн болуп калды.

 Туруктуу иштеген GNSS тармагы орнотулду, ошондой эле 95 түйүндү камтыган кадастрдык тармак орнотулду, аны геологияда, жол курууда, илимий, окуу иштеринде жана башка максаттарга пайдаланууга болот.

Электрондук карталарды пайдалануу жана башкаруу үчүн кадастрдык маалыматтык базанын бирдиктүү тутуму түзүлүп жатат, ага  администрациялык чек аралар, жол тармагы, гидрография, коммуникациялар, чарба жерлеринин түрлөрү, кыймылсыз мүлктүн чек аралары сыяктуу графикалык маалыматтык катмарлар, алардын текст малыматтары кирет. Бул болсо электрондук карталарды кадастрдык максаттарда гана эмес, экономиканын башка тармактарында: суу тармактарын өнүктүрүүдө, калктуу конуштардын инфратүзүмүн өнүктүрүүгө, жолдорду пландоого жана региондорду өнүктүрүүгө ж.б.у.с. пайдаланууга мүмкүндүк берет. 

Өнөктөштөр