Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 800 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 19/09/2017
  • Просмотров: 3638
Бишкек шаарындагы экинчи калкты тейлөө борбору кененирээк жайга көчтү

 

Чолпон-Ата 2 адресиндеги АЮ «Grand Comfort» соода борборунда жайгашкан  Бишкек шаарындагы экинчи калкты тейлөө борбору имараттын батыш тарабынан борбордук бөлүгүнө көчүрүлдү.

Калкты тейлөө борбору  көчүрүлгөн жайы кенен ошондой эле жарандардын ынгайлуулугу үчүн кубаттуу  желдетүү жана салкындатуу тутуму орнотулган. Мурда жайгашкан орду 1200 чарчы метрди түзгөн болсо,  азыркы орду 1700 чарчы метр.   

 

Тейлөө борборунун ишин Өкмөт башчысы Сапар Исаков текшерүүгө алды. Кызматтын төрагасы Дастан Догоев Өкмөт башчысына калкты тейлөө борборунун ишин электрондук кезек күтүүдөн баштап, даяр болгон паспортту жарандарга тапшырууга чейинки ар бир кадамын  көрсөтүп берди.

Өз сөзүндө Кызматтын төрагасы Догоев тейлөө борбору фронт жана бэк офис принцибинде иш алып барышаарын белгилеп: «Фронт офис жарандардан керектүү документтерди кабыл алса, бэк офисте текшерүү жүргүзүлүп, чечим кабыл алынат. Бул принцип мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү тездетет. Ошондой эле кезек күткөн жарандардын ынгайлуулугу үчүн  бекер интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп, балалуу энелерге атайын бөлмө жабдылган» - тейлөө борборунун шарты менен тааныштырып, үстүбүздөгү жылдын 5 – октябрына чейин Бишкек шаарында эки жаңы калкты тейлөө борборлору ачыларын Өкмөт башчысына билдирди.

Өкмөт башчы мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө жарандардын убактысын үнөмдөп  жана ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча Кызматтын төрагасына  тапшырма берип, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

 

Өнөктөштөр