Добуш берүү үчүн эски ID-картты милдеттүү түрдө электрондук паспортко алмаштыруунун зарылчылыгы жок :: ГРС ППКР
Ишеним телефондору
+996 (312) 62 41 40
0800 555 55 10 *
Call Center
119
Жарыяланган 15/09/2017
  • Просмотров: 109

Үгүт өнөктүгү башталганына байланыштуу айрым президенттикке талапкерлердин үгүтчүлөрү шайлоочуларды ID-карттарын жаңы биометриялык паспортторго алмаштырууга чакырып, “антпесе добуш бере албайсыңар”  деп үндөй башташты. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына “эмне үчүн үгүтчүлөр жарандардын идентификациялык жеке номерлерин (ИЖН-ПИН) чогултуп жатышат?” деген суроо менен шайлоочулардан көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы добуш берүү үчүн эски ID-картты милдеттүү түрдө жаңы биометрикалык паспортко алмаштыруунун зарылчылыгы жок экендигин билдирет. Шайлоочулар жаңы паспорт менен катар эле эски паспорт менен дагы добуш бере алышат. Эч кандай айырмасы жок. Ошондой эле МКК шайлоочуларды бир дагы үгүтчүгө паспортунун көчүрмөсүн жана идентификациялык жеке номерин бербөөгө чакырат. Булардын баары мыйзамга каршы келет. Паспорттордун көчүрмөлөрүн жана ПИН номерлерди чогултуу – эч кандай пайда алып келбей турганын МКК жоопкерчилик менен билдирет. Паспорттордун көчүрмөлөрүн чогултуу бир дагы талапкерге жардам бербейт.  

Ушуга байланыштуу МКК жарандарды катталган жери боюнча шайлоо участокторуна барып, ошондой эле  www.shailoo.srs.kg сайтына кирип, өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүүгө чакырат. Мындан тышкары, МКК колл-борборунун 119 номери иштеп жатат (чалуу акысыз), ага байланышкан жарандар шайлоо процесси, добуш берүүгө катышуу үчүн зарыл болгон документтер жана жол-жоболор, биометрикалык маалыматтарды чогултуучу түйүндөр жөнүндө, шайлоочулардын тизмесине киргизүү жана добуш берүүчү дарегин  өзгөртүү тууралуу маалымат алышат. Ошондой эле 119 акысыз номерине идентификациялык жеке номери көрсөтүлгөн смс-билдирүү жиберүү менен жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшере алышат. Бул кызмат акысыз көрсөтүлөт.

Маалымкат: Заманбап технологияларды пайдалануу менен шайлоолорго даярдык көрүүнүн биринчи этабында Кыргыз Республикасынын калкынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (КБМР) түзүлгөн. КБМР – КР калкынын жеке маалыматтарын бирдиктүү автоматташтырылган эсепке алуу тутумун түзүү боюнча улуттук масштабдагы долбоор. Бул комплекстүү техникалык долбоор “Паспорт” АМТ, “Даректик регистр” АМТ, “ЖААК” АМТ сыяктуу Кызматтын маалыматтык тутумдарынын компоненттеринен жана 16 жаштан улуу курактагы КР жарандарынын биометрикалык маалыматтарын камтыган маалыматтык базадан турат.  КБМР базасында адамдын туулгандан баштап өлгөнгө чейинки негизги маалыматтары, анын ичинен паспортунун маалыматтары, жарандык абалдын актылары жөнүндө жазуулары, ошондой эле биометрикалык маалыматтары сакталат. КБМРдин эң маанилүү элементи болуп КБМРдин жогоруда көрсөтүлгөн компоненттерин өз ара туташтырып турган өтмө идентификатор - идентификациялык жеке номер эсептелет. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү “1 ПИН - 1 жаран – 1 добуш” принцибине негизделген.

Топтолгон биометрикалык маалыматтардын, ошондой эле колдонуудагы “ЖААК” АМТ, “Паспорт” АМТ жана “Даректик регистр” АМТ базасынын негизинде  шайлоочулардын тизмелерин башкаруу боюнча маалыматтык тутум (ШТБМТ) иштелип чыккан, анын жардамы менен шайлоочулардын тизмелери түзүлөт. “ЖААК” АМТда өлүм катталып жаткан учурда жана жарандын өлгөнү тууралуу күбөлүк берилген учурда каза болгон адамдар автоматтык түрдө шайлоочулардын тизмесинен чыгарылат.

Өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн жарандардын – шайлоочулардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдөгү мекемелери беришет. Тизмеге кирүү үчүн алар консулдук каттоого туруп жана №2 форманы толтурушу керек, анын негизинде ШТБМТ тутуму аларды КР аймагындагы шайлоочулардын тизмесинен чыгарат жана чет мамлекеттердеги КР ТИМ мекемелеринде добуш бере турган жарандардын тизмесине киргизет.

Ошондой эле тизмелерди башкаруу тутумундагы ШТБМТ ишине мониторинг жүргүзүүчү тутуму бар 3 деңгээлдүү контролдоо аркылуу оператордун ар бир иш-аракетине байкоо жүргүзүлүп турат.  Бул функция тизмелерди манупилациялоо жана кызыкдар адамдардын кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

Бүгүнкү күнү МКК шайлоочулардын тизмесиндеги кайталанган жазууларды жана актуалдуу эмес маалыматтарды тазалоо боюнча чоң иштерди жүргүздү. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча шайлоочулардын тизмесинен каза болгон 18 миң жаран чыгарылды.

 

 

Өнөктөштөр